www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф камакта ачкачылык жарыялаган саясатчыларга байланыштуу Бишкек шаардык сотундагы кезектеги жараян уланарын билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармагандардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Никсдорф абактагылар бүгүнкү сотко алып келинерин 5-февралда билдирди:
- Үчөөнүн тең абалдары салыштырмалуу канааттандырарлык. Башы айланганы тууралуу айтып жатышат. Бирок биздин дарыгерлер керектүү дарылоодон өткөрүп турушат.
Абактагы Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына нааразылык билдирип жатышат. Ошондой эле алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" жарыялашкан. Баары УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган.
2-февралда туугандары ачкачылык кармаганына карабай алар сотко жеткирилгенин билдиришкен. Сотто Бектур Асанов сөз сүйлөп, талаптар аткарылбаса, акырына чейин ачкачылык кармап, кийинки жараянга мажбурласа да келбей турганын, адвокаттардан баш тартарын айткан. "Же Сегизбаев кетет, же биз үчөөбүз өлөбүз" деген жабык соттогу анын айткандары жазылган аудиону жакындары жана "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму интернетке жарыялаган.
5-февралда оппозициячылардын туугандары, тарапкерлери жана айрым активисттер №47 колониянын алдына чыгып, алардын абалы начарлап кеткенин билдиришкен. Абактагыларды ачкачылыкты токтотууга чакырышкан.
Булак:NazarNews.kg