www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачкарын суу ичүү ден-соолукка пайдалуу

Таң эртең менен бир стакан кайнаган суу ичиңиз!

Таң эртең менен кайнатылган бир стакан суу ичүү абдан пайдалуу. Мындай жол менен сиз ичеги-карынды тазалаган болосуз. Дал ошол кайнак суу организмдеги керексиз заттардан арылганга жардам берет. Сууну тамакка 20-30 мүнөт калганда ичүү керек.

40-50 градуста кайнаган сууга бир чай кашык бал кошуп ичкен дагы жакшы. Бул жол дагы организмдеги ашыкча шлактардан арылууга жардам берет. Кайнак суу ичүү менен сиз организмди тазалап, тамак синирүүнү жакшыртып боордун иштөөсүн бир калыпка келтирген болосуз.

Ошондой эле сууга өзүңүз каалашыңызча лимон кошуп ичсеңиз дагы болот. Себеби, лимондун курамы калийге бай. Муну менен бирге стресстен арылууга дагы жардам берет. Лимон кошулган суу кан басымды көтөрүлүшүнө жол бербейт.

Демек, сиз таң эртең менен бир стакан суу ичүүнү, бүгүнтөн баштасаңыз болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости