www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең мененки тамактануу ден соолук үчүн маанилүү, ошондуктан адистер айрым азыктарды ачкарын жеген ден соолукка зыян экенин эскертишет. Бул тууралуу немец диетологдору Fit For Fun порталына курган маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Адистер ачкарын чийки жемиштерди жегенден карманууга чакырат. Алар витаминдерге жана минералдарга бай болгондуктан организм аны сиңириши кыйын болуп, ашказанга зыян келиши мүмкүн.

Мындан сырткары, диетолог-дарыгерлер йогурт азыгын ачка жеген зыяндуу экенин айтышат. Анткени ал сиңүү учурунда ичеги-карынга жеткенге чейин эле өзүнүн пайдалуу заттарынын бир бөлүгүн жоготот. Ошондуктан аны күчтүү тамак жегенден бир жарым, эки саат өткөндөн кийин же уктоо алдында жегенди диетологдор сунуш кылышат.

Цитрус жемиштерин да ачкарын жеген зыяндуу. Апельсин, мандарин жана грейпфруттар ашказанда зарна пайда кылышы мүмкүн. Жемиштерден бананды да алып салуу зарыл. Анткени ал кандагы канттын деңгээлин кескин жогорулатып жиберет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости