www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде кызык окуялар эле болуп жатат. Оо-о биздин аткаминерлер өтө кыйын экен “ТЭЦ толук модернизация болуп бүттү” деп, бүтүндөй кыргыз элин, ал тургай КР президенти Алмазбек Атамбаевди алдап, лента кестирип койду. Ошентип 386 млн АКШ долларын жеп-жутуп унчукпай беттерин табактай кылып олтурат. Анысы аз келгенсип “Датка-Кеминге” берилген кытай кредитинин басымдуу бөлүгү уурдалып кетиптир. Мына сага коррупция.

Кыскасы, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биздин бийлик кагаз жана кара сыя менен алек. Курманбек Бакиев кетсе эле баары жакшы болот деген 2010-жылдан кийин УӨ өкүлдөрү ар кайсы тарапта аңырайып калды. Бир чети ушуларды аңырайтып ар кайсы жерде калтырган Алмазбек Атамбаев туура кылдыбы деген ой кетет. Дегеним, азыр бийликтегилерин деле, камактагыларын деле түшүнүү кыйын болуп калды.

Канчалаган коррупционерлер президенттин жан-жакасында жүрсө, камакта жаткан Атамбаевдин командасы, Бектур Асанов, Абдил Сегизбаев соттогонсуп “УКМК башчысы кызматынан кетсин” деп ачкачылык жарыялады. Ачуу чындык менен айтканда “Абдил Сегизбаев "причем тут”, сот болбосо", деген суроо жаралат. Мейли, Сегизбаев кызматтан дагы кетти дейли, 5 күндөн кийин Бектур Асанов Кудай сактасын оо дүйнөгө кетип калса, кимдин шору же Кудай сактасын майып болуп калса кимдин азап тартат...Таң калычтуусу булардын акылы кыскалыгына оозуң ачылып, шилекейди жутканга үлгүрбөйсүң...

Дегеле ушул УӨ айрым мүчөлөрүнө таң каласың, жакында эле жыйналышка Роза Отунбаева келип, “эки баштуу бийликтин башын жок кылыш керек” деп, кыңкылдаса, тоңкулдаган Топчубек Тургуналиев, “мен Сооронбай Жээнбековго коррупционерлерди көзгө сайып көрсөтүп беремин”, деп айтты. Жалпак түшүнүк менен алганда эми ушул экөөн Сооронбай Жээнбеков жанына чакырып алса... Чындыгында экөөнүн “мордаларынан” ансыз деле кыргыз эли тажап турганда, булардын акылынын кимге жана президентке эмне кереги бар деген ой жаралат. 

Эмне болсо дагы кыргыз эли президенттерди кууп, эч нерсе пайда алып келбегендигине көзүбүз жетти. Андан көрө Сооронбай Жээнбековдун оорун колдон, жеңилин жерден алып, жардам берсек ошол оң. Болгону, Алмаз Шаршенович ушунча болду, өзү айткандай ээрчитип келген “акылсыздарын” четтен ээрчитип кетсе жакшы болот беле...

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости