www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачууланганда эмне үчүн бакырабыз?

Индиялык бир окумуштуу окуучулары менен Ганг дайрасынын боюнда сейилдеп баратып, бири-бирине ачууланып бакырып аткан үй-бүлөнү көрүп калат. Анда окумуштуу шакирттерине кайрылып: “адамдар неге бири-бирине ачууланып бакырат?” – деп сурайт.Окуучулардын бирөөсү: “анткени тынчтыгыбызды жоготобуз” десе, анда окумуштуу: “ачуубузду келтирген адам жаныбызда турса деле неге бакыра беребиз? Ошол кишиге айта турган сөздөрүбүздү бакырбай акырын айтсак деле болоруна карабай неге бакырабыз?” – деп кайра сурайт.

Окуучулар ойлонуп унчукпай калганда түшүндүрө баштайт: “эки адам бири-бирине ачууланганда, жүрөктөрү бири-биринен алыстап кетет. Бул алыстыктан бири-бирине үнүн угузуу үчүн катуу бакырууга туура келет. Канчалык көп ачууланган сайын ортодогу аралык ого бетер алыстай бергендиктен, андан беш бетер катуу бакырууга туура келет.

Эки адам бири-бирин жакшы көргөндө эмне болот? Бири-бирине бакыргандын ордуна, тескерисинче, акырын сөйлөшүп калат, себеби алардын жүрөктөрү бири-бирине жакын, ортодогу алыс аралык жокко эсе, же такыр эле жок. Ал эми эки адам бир-бирин жактырып калганда эмне болот? Алар сүйлөшпөйт, болгону кобурашат, анткени жүрөктөрү бир-бирине мурдагыдан да жакын болот. Бара-бара сүйлөшүүгө да кажет калбайт, бири-бири менен тиктешүү аларга жетет. Бирин-бири чындап сүйгөн эки адамдын мамилеси дал ушундай болот”.

Андан соң окумуштуу окуучуларын карап мындай дейт: “андыктан бирөө менен тартышканда жүрөгүңөрдүн алысташына жол бербегиле. Мамилеңер бузулуп бири-бириңерден алыстай турган сөздөрдү айтуудан алыс болгула. Болбосо күндөрдүн биринде артка кайрылып бири-бириңерге жакындоонун жолун таба албай калышыңар мүмкүн”.

Булак: insan.kg

Последние новости