www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Орусиядагы кыргызстандыктарды экстремист катары көрсөтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык милиционерлер Орусиянын абактарынан мекендештерин бошотууга жардам бербей жатышат.
"16-15 жаштагы кыздар баңгизат таратканы үчүн абакта отурушат. Алар күйөөсүн жиликтеп өлтүрүндөр менен бир камерада отурушат. Аларды төрт өкүл чыгара алган жок. Эч ким чыгара алган жок. Бир нерсе болуп кетсе эле өкүлдөр чуркап барып полицияга кабарлашат. Алар биздин жаштарды экстремист кылып көрсөтүп жатышат», - деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев абактагыларга консультация берип жардам берип жатканын жооп катары билдирди.
«Аларды абактан бошотуу биздин колубузда эмес, бирок биз юридикалык кеңештер менен жардам беребиз», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg