www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтып келиши боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал Өзгөн районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. 

Жыйын учурунда Ош шаарыныны тургуну Майсалбек Раимбердиев Зулушевдин бозгунда жүргөн Курманбек Бакиев тууралуу позициясы кандай деген суроо узатты. 

Жаран Курманбек Бакиев "өзүн акмын деп айтууда", анын укуктук базасы кандай болот деп суроосун тактады.

Ага Курманкул Зулушев мындайча жооп берди:

— Курманбек Салиевич боюнча кылмыш иштерине өкүм чыккандыгын билесиз. Эгерде келип... Мына биз аны алдыруу боюнча ал мамлекеттен эч кандай жооп ала албай жатабыз. Эгер келип, ошого эрки жетип, ачык сот кылам, тергөөгө көрсөтмө берем десе, ага эч ким тоскоолдук кылбайт. Келсин, тергейбиз. Иш боюнча өкүм чыкканда. Бул маселени өзүңүз жакшы билесиз, – деп жооп берди Зулушев.

Эске салсак, быйыл июль айында Курманбек Бакиев кыргыз тилдүү “Жаңы ордо” гезитине интервью берип, анын иши боюнча сот процесстерине онлайн катышууга, керек болсо Кыргызстандан келген тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Анын айтымында, эл аралык кайсыл сот болсо да катышууга даярмын. Өзүмдүн ар-намысым үчүн президент Бакиев деген фамилиямдын тарых барактарында, элибиздин алдында таза бойдон калышы үчүн баарына даярмын деген.

Беларусия Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартканын айтып келет. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости