www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров президент Садыр Жапаровдун Элдик Курултайды чакырган Жарлыгынын Конституцияга ылайык келер, келбесин текшерүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылды.

Арызда А.Мадумаров президенттин Жарлыгы менен Элдик Курултайдын өткөрүлгөнү мыйзамсыз болгонун белгилеген. Конституциянын 4-беренесинин 4-пунктуна ылайык, республикадагы мамлекеттик бийлик мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги принцибине негизделип бөлүштүрүлгөн. Алардын өз ара кызматташуусу, ыйгарым укуктары Конституция, конституциялык мыйзамдар менен бекитилген.

Баш мыйзамдын 7-беренесинин 2-пунктунда Элдик курултайды өткөрүү жана анын ишмердиги Конституция, конституциялык мыйзамдар менен бекитилиши керек. Бирок ага карабай президенттин Жарлыгынын негизинде Элдик курултай жөнүндө убактылуу жобо кабыл алынып, 2022-жылдын 26-ноябрында биринчи Элдик курултай өткөрүлдү. Ал Элдик курултай мыйзамсыз болгон. Ошол себептен президенттин Жарлыгы Баш мыйзамга каршы болгонун деп табылуусу керек. Конституциялык сот А. Мадумаровдун арызы боюнча кандай чечим кабыл алары белгисиз.

Конституцияга, мыйзамдарга негизделген чечим кандай кабыл алынат күтө туралы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости