www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын ИИМ министри расмий түрдө мурда күнү куткаруу жумуштарын токтоткула деп айтты. Бул тууралуу Түркияга барып келген Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Түркияда кырдаал аябай оор. Көптөгөн үйлөр урап калган. Мисалы, 9 үйдөн турган кичи район болсо, анын экөөсү толугу менен урап калган. 4 үйдө жарака кеткен. Калганы эч нерсе болбоптур. Бизде бетондун начардыгынан, андагы цементтин аздыгынан ушундай болду деген ойлор пайда болду.
Расмий маалымат боюнча, 130 имарат кулаган. Кечээкиге карата 37 миң адам каза болду. Болжол менен 120-130 миң адам каза болушу мүмкүн деп жатышат. Түркиянын ИИМ министри расмий түрдө мурда күнү куткаруу жумуштарын токтоткула деп айтты. Себеби, акыркы чыгарган тирүү адамдардын ички органдары иштебей, кыймылсыз жаткандыктан ириңдеп, жашоо менен өлүмдүн ортосунда болуп калышыптыр",- деди ал.
Булак: NazarNews.kg