www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жалпы жыйынында Министрлер кабинети пеесия, пособие маселесине байланыштуу Баш мыйзамдын 44-статьясы боюнча Конституциялык сотко кайрылганы маалым болду. 

Бул жагдайдан улам Кабинет министрлигинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайым айтышты. 

Аталган маселеге байланыштуу депутат Адахан Мадумаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго суроо узатты:

- Кечээ Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренеси, пенсия, пособие боюнча Конституциялык сотко кайрылды деген маалымат тарады. Эмне максатта кайрылдыңар?

Акылбек Жапаровдун жообу:

- Ар бир өлкө өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, социалдык төлөмдөрдү төлөйт. Ошол боюнча түшүндүрмө берүүнү сурандык,  Конституциялык соттон. Биз колубуздан келген гана жардамды бере алабыз.  

А. Мадумаров: 

- Анда эмнеге Конституцияга ошентип жазып койдуңар?

А. Жапаров: 

-Жазылып жатканда мен ошол пунктка каршы чыккам. Бирок ошондой формулировка болуп калды.  

А. Мадумаров: 

- Анда каршы чыккан позицияга иштебеш керек да. Мен пенсия, пособие төлөй албайм деп айтыш керек да.

А. Жапаров: 

- Мен төлөй албайм. Министрлер кабинети төлөйт, өзүнүн алына, экномикасына жараша.  Бүт дүйнө жүзү ошондой. Жашоо минимуму, корзина жыл сайын өзгөрүп турат. Аны кубалап жеткен Америкада дагы, Японияда да жок. Ошондуктан, так маалымат болуш үчүн Конституциялык сотко кайрылдык.

А. Мадумаров:  

- Конституциялык сотко кайрылуунун кажети жок. Ал жерде “төлө” деп турат. Бүттү.

А. Жапаров:

- Төлөй албасак өлөлүбү?

А. Мадумаров:  

- Анда Конституцияны аткарбайбыз, иштей албайбыз дегиле.

А. Жапаров:  

- Конституцияга түшүндүрмөнү  Конституциялык сот гана берет.

А. Мадумаров: 

- 44-беренеде так жазылып турат. Кыргызстанда пенсия, пособие, эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт деп турат. Бүттү.

А. Жапаров: 

- Керектелүүчү корзинаны өкмөт тактайт. Жыл сайын көбөйүп турат. Бирок ошону так аткарганга жетпей турат.

А. Мадумаров:

- Анда Конституция күмөн экен да. Сиздин милдетиңиз Конституциянын беренелерин так аткаруу. Эмнеге ушул кезге чейин каршы чыкпадыңыз? Эң төмөнкү жашоо куржуну канча?

А.Жапаров:  - 6800 сом.

А.Мадумаров: - Эң төмөнкү пенсия канча?

Акылбек Жапаров: -1200 сом.

А.Мадумаров: 

- Көрдүңөрбү, айырма 5 миңден ашык.  Урматтуу кесиптештер, өткөндө эле айттым эле, Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренесин аткарбаганы үчүн эле кызматтан кетиш керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости