www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асия Сасыкбаева: Бошотот деген үмүт жок

Бүгүн, 16-февралда Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад окуясы боюнча бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп шектелгендердин баш коргоо чарасын карап жатат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын айтымында, кечээ, 15-февралда баш коргоо чарасы каралгандардын баары камакта калтырылды. Ошондуктан бүгүн кимдир бирөө эркиндикке чыгат деген үмүт жок.

"Мен бир ай ооруп, эртең менен дары ичкенди унутуп калыпмын. Басымым көтөрүлүп жатат, бирок жалпысынан баары жакшы. Тергөө иштери такыр жок", - деди ал. Ал кошумчалагандай, тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапеков кылмыш ишин жашыруун деп атаган, бирок эч нерсе түшүндүргөн эмес.

"Иште эч кандай мамлекеттик сыр жок. Баары ачык режимде өткөн, жада калса Өзбекстанда да парламент ачык караган. Иш эмне үчүн жашыруун болуп калганын билбейм. Мен буга чейин өлкө жетекчилигине өз оюмду айттым, алар түшүнөбү, билбейм", - деди Сасыкбаева.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости