www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин пикиринде Украина өздөрүнүн күчүн байкап көрүп альянска кирүүгө мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси ачылды дейт.

НАТО мүчөлөрү Киевге оор курал-жарактарды киргизүү милдеттерин алышкан.

15-февралда Брюсселде өткөн альянска мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешмесинен кийин маалымат жыйынын өткөрүп жатып Столтенберг Украина биринчи кезекте Россия менен болгон согушта жеңип, көз карандысыздыгын сактап калышы керектигин айтты. Черногория жана Македония НАТОго мүчө болгондугун, Швеция менен Финляндия бул уюмга кирүүгө бир кадам калгандыгын айткан Столтенберг Украина үчүн да эшиги ачык экендигин жарыялап отурат. Мындан тышкары НАТО Киев менен көп жылдык кызматташууга кызыгдар экендигин белгилеп, ал үчүн советтик стандарттан альянстын стандарттарына өтүүгө чакырды. Согуш талаасында жеңишти камсыз кылуу бул процессти тездетээрин, бул эң башкы фактор экендигин баса айтты. Украинанын Коргоо министри Алексей Резник менен өз ара макулдашуунун негизинде оор техникалар жөнөтүлөөрүн жана украин жоокерлерин окутуу процессин кеңейтээрин Столтенберг билдирди. Украина жеңишке жетсе гана бул сүйлөшүүлөр ишке ашат, деди Башкы катчы.

НАТО буга чейин Украинага азык, күйүүчү май, медикаменттерди, сүзүүчү көпүрөлөрдү жана дрондон коргонуучу жабдууларды берип келген. Курал жарактардан да арбын берди. Столтенберг АКШ, Франция, Германия, Норвегия сыяктуу өлкөлөр стратегиялык курал-жарактарды Украинага берип эле тим болбостон өздөрүндө алардын ордун толуктап туруш керектигине токтолду. Коргоо өнөр-жайлары менен ок-дарыларды кеңейтип чыгаруу боюнча келишимдер түзүлүп баштагандыгана токтолгон Столтенберг бул аракеттер толук көзөмөлдө болоорун жана Киев менен тыкыс кеңешилип тураарын айтты. Орус агрессиясына кабылды делген Молдова, Грузия, Босния жана Герцоговина сыяктуу өлкөлөргө да НАТО жардам берип турмакчы.

Баса, НАТОнун негизги максаты согушту токтотуубу же күчөтүүбү? Украинага курал-жарак берүү менен максаты эмне? Башкы катчынын Украина жеңишке жетсе гана бул сүйлөшүүлөр ишке ашат, деген сөзү кандай? Мындай ички саясый оюну менен НАТО эмнени көздөп жатат? Окурмандарга маалымат беребиз. ...

Нур БАЙГАЗАК

Булак: NazarNews.kg

Последние новости