www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ортосунда чыр чыкты.

Мадумаров эмне үчүн министрлер кабинети Конституциялык сотко доо арыз менен кайрылганын сурады.

"Кечээ министрлер кабинети пенсия, жөлөкпулга тиешелүү 44-берене боюнча Конституциялык сотко кайрылганы тууралуу маалымат чыкты. Эмне максатта кайрылдыңар?" — деп сурады Мадумаров.

Акылбек Жапаров ар бир өлкө мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия төлөп жатканын, ошондуктан Конституциялык сотко кайрылганын айтты.

"Биз түшүндүрмө сурадык", - деп түшүндүрдү министрлер кабинетинин башчысы.

Мадумаров суроого так-так жооп берүүнү суранды.

"Мурда абдан ишенимдүү жооп берчү элеңиз. Азыр болсо сүйлөсөмбү, сүйлөбөсөмбү дегендей. Жандуураак болсоңуз. Билем даражаңыз бийик", - деди депутат.

Акылбек Жапаров бул өтүнүчкө ачууланып, ага кандай жооп беришти үйрөтпөй эле коюуну суранды.

"Мен жашым, статусум боюнча сизден улуумун. Андыктан мага акыл үйрөтпөңүз. Биз министрлер кабинети катары укугубуздан пайдаланып, бул беренени тактап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылганбыз", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин Конституциялык соттун судьялар коллегиясы Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнө расмий түшүндүрмө берүү боюнча министрлер кабинетинин сунушун кароого кабыл алганы белгилүү болгон. Анда пенсиялар, социалдык жөлөкпулдар жана башка социалдык жардамдар мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыздайт деп айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости