www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров соңку учурларда Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчилик кызматтарына тажрыйбасы жок адисттер дайындалып жатат деп эсептейт.

Депутат Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди карап жаткан жыйында, талапкерден бул көрүнүштү токтотууга чакырды.

“Өлкө башчылары кайсы өлкөдө, ким элчи экенин деле жакшы билбейт. Ушундай алешемдиктер болуп жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан баланча, баланча жерге элчи болуп кетти дегенде башымды кармап калам. Үйлөнө элек жигиттерди улуу державаларга элчи кылып жөнөтүп жатат, эч кандай саясий же мамлекеттик тажрыйбасы жок жигит-кыздарды алысыраак туруп турсун деп жөнөтүп жатат”, - деди Мадумаров.

Аталган комитет жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги жактырылды.

Буга чейин Украинадагы элчи кызматына Идрис Кадыркуловдун сунушталганы парламентте жана коомдо сынга кабылган. Депутаттар Кадыркуловдун УКМКны жетектеп тургандагы аракеттерин сынга алган. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 24-январдагы жыйынында анын талапкерлиги колдоо тапкан эмес.

Ага карабай, президент Садыр Жапаров 25-январда Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости