www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы операция маалында улутчулдар тарабынан эл аралык укукту бузуу, анын ичинде адам өлтүрүү фактылары ачыкка чыкты. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путиндин билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.

"Донбасстагы жана Украинадагы атайын операцияга байланыштуу прокуратура органдарынын жана бардык укук коргоо органдарынын алдында бир топ милдеттер турат. Азыртадан эле Украинада түзүлгөн улутчулдар тобу адамдарды, анын ичинде балдарды тирүүлөй калкан катары колдонгону аныкталды", — деди Путин.

Ошондой эле президент Россиянын Куралдуу күчтөрүнө каршы провокациялар бар экенин айтып, бул үчүн чет элдик ЖМКларды жана социалдык тармактарды колдонуп жаткандар жоопко тартылышы керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости