www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз алдыбызча мамлекет болуп, эгемендик алганыбызга карабай, ушул убакка чейин ички жана тышкы саясатыбызды чынында орустар эле аныктап келатат.
Жалаң ажо сөрөйлөрүбүздүн улуттук намысы жогунан жана өздөрүнүн керт баштарын ойлоп, “орустардын этегин кармап оокат кылбасак, ишибиз жүрбөй калат” деп элибизди өз алдынчалыкка, патриоттуулукка тарбиялагандын ордуна жатып ичерликке жана кул мүнөзгө түрткү болуп турушту.
Биздин дөдөй башчыларыбыз башка элдердин президенттериндей бирди эки кылып, мамлекеттинин кызыкчылыгын көздөсө не?
Аскар Акаев Кытайга Үзөңгү-Куушту, канадалыктарга Кумтөрдү бергени аз келгенсип, казак башчысы Н.Назарбаевге өзүнүн огородундагы мүлкүн берип жаткансып, Ысык-Көлдүн эң сонун жеринде жайгашкан пансионаттарды тартуулап салган.
Улут экенибизди айырмалап турган тилибизди жарым-жартылай кескилеп, орустардын тилин расмий статуска көтөрүп бергени белгилүү. Ушул жерде айта кетүүчү жагдай, кошуна өзбек, тажик, түркмөн, ошол эле казактар ал кезде орустардын саны 45%ды түзүп турганына карабай (бизде ал кезде болгону 18%дан ашпаган, азыр 9%га да жетпейт), бизчилеп жасакерленбей, тилин ардактап сыйлап, орус тилинин макамын көтөрбөй эле, жөн гана “улуттар аралык тил” деп кабыл алып коюшту.
Курманбек Бакиевге келе турган болсок, “Манастан Чубак кем бекен?” дегендей, мунубуз дагы элди алдап, “алмашып жатабыз” деген шылтоо менен Каркыра жайлоосунун үстүңкү жакшы жагын, Таластагы Көк-Сай жеринен казактарга белек кылып бергенин элибиз кечиреби?
Ал эми көл жээгиндеги эң сонун төрт пансионатты дагы ойлонбостон узаткан. Ал эми Медет Садыркулов баштаган саясатчылардын, депутаттардын, дээрлик бийликке сын айткандардын өлтүрүлүшү, сабалып, куугунтукталышы тарыхта болгон эмес. Акыры Бакиевдер 7-апрелде 87 баланы атышты да, качып кетишти.
Миллиондогон доллар агымдары менен кошо...
Эми Алмазбек Атамбаевге келе турган болсок, майда-барат каталарын айтпай-ак коёлу, эң чоң каталары – ячейкадан 18 млн. АКШ долларынын жоголушу, 7-апрелдин астында К.Бакиевдин орустардан алган 300 млн. рубли кумга сиңгендей кеткени кандай?
Кумтөрдүн маселесин чечпей, канадалыктардын кызыкчылыгын 7 жылдан бери коргоп келгени ал аз келгенсип, мөңгүлөрдү талкалаганга өзү баш болуп жол берди. “Кыргызгазды” итбекер 1 долларга сатканы, ТЭЦ менен тарых музейинин чырына аралашканы, башкесер Батукаевди мыйзамсыз чыгарганы, КойТашта жатып алып тергөөгө келбей койгондугунун айынан, аткылашуу башталып, андан УКМК командиринин орун басары окко учканы. Атамбаевдин көз жашы кылып “Форумдун” алдында арбактарга берген анты ушулар беле?
Сооронбай Жээнбеков үч жыл башкарууда мамлекетти сызга отургузду. Ал аз келгенсип, орустардын Канттагы базасынын учуучу тилкесин “биз асфальттап бере албайт экенбиз” деген шылтоо менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары аркылуу жерди ратификациядан өткөрүп, Путинге белек кылып отурат. Мээси болсо ойлонбойбу, “арендада турган акчаңарга өзүңөр асфальттап салып алгыла” дебейби!
Эми минтип С.Жээнбековдун жана 6- чакырылыштагы депутаттардын айынан Канттагы орустардын учуучу базасы анклавга айланып калды. Бул кылыгы үчүн аны жоопко тартыш керек.
Ковид учурунда Сооронбай Жээнбековдун шалаакылыгынан канчалаган жарандарыбыз жарыкчылык менен кош айтышты! 2020-жылдын 5-октябрында болгон революцияда баткендик Үмүтбектин каза болушуна да тийешеси бар. Кой-Таш, Октябрь окуялары боюнча келечекте Соке оңбой эле калат го? Бул жерде 1,5 жыл президент болуп иштей койгон Роза Отунбаева дагы Ош окуясына тийешеси бар экени ушул күнгө чейин унутта калып келет.
Ошон үчүн бир эле А.Атамбаевди жоопко тарта бербей, калгандарын дагы жоопко тартыш керек. Ошондо калыстык болот.
Булак: Азия News гезити