www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-июнда Жогору Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров парламенттин төрагасы Талант Мамытов эл өкүлдөрүнө бирдей мамиле жасабай жатканына нааразы болду.
Мадумаровдун айтымында, айрым фракция лидерлерин төрага кабинетине чакырып, «Бүтүн Кыргызстандын» лидери чакырылбай калган.
«Эки-үч жолу фракция лидерлерин кабинетиңизге чакырып алып жыйын өткөрүптүрсүз. «Бүтүн Кыргызстан» менен «Ыйман нуру» эмнеге жок деп сурашса, сиз «алар бары бир колдобойт да» дептирсиз. Жабык эшик артында отуруп алып маселени кабыл алганды койбойсуңарбы. Бул жакшылыкка алып келбейт, теңчилик болгон жакшы го.
Мен отурам, башка фракциянын лидерлерин бирден чакырып жатышат. Эмне болду десем, төрага чакырып жатат дешти. Эмнеге десем «казинону өткөрүп бергиле деп жатыптыр» дешти. Бул уят маселе, теңсиздик, адилетсиздик. 90 депутаттын ким экендигине карабай бирдей мамиле жасалышы керек», — деди ал.
Учурда парламентте Кыргызстандын аймактарында казино ачууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.
Булак: NazarNews.kg