www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казино ачпасак анда Ирандай болуп шарият жолу менен жашайлы. Мындай пикирин бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

Түлөбаев учурда ансыз деле мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын билдирди.

"Ооба, моралдык, маданият жактан аябай өсүп кеттик. Азыр мектептеги балдарыңар онлайн казино ойноп отурат. Сайттарды бири-бирине 100 миң сомдон сатууда. Бардык жерде жабык эшик артында иштеген казинолор бар. Аны көрбөйбүз. Башка өлкөлөрдө бар, аны да көргүбүз келбейт. Бир нерсе болсо эле "анда сойкулукту да легалдаштыралы, мындай-тигиндей кылалы" деп чыгышат. Анда арак заводун, чочко фермаларын да жабалы. Светтик мамлекеттен кетип, Ирандын жолуна түшөлү. Шарият менен башкарган өлкөгө өтөлү. Минте берсек талаш-тартыш улана берет, туугандар. Ар ким өз добушун берет, өтөт же өтпөйт", — деди Түлөбаев.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости