www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 9-февралдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаров тартип коргоо органдарынан адамдарды түнү менен кармоону токтотууну талап кылды. Мадумаров «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча өз пикирин айтып жатып, жарандарды тартип коргоо органдарынан коргоо керек болуп калганын билдирди.

«Эгерде кандайдыр бир себеп болсо, бизге кат менен кайрылса болмок. УКМК болобу же милиция болобу, түндө барып баса калганды токтотушса да. Күндүз эле барып, жакшынакай болуп сүйлөшүп келсе болот го.

Түндө барып бала-чакасын коркутуп, ыркыратып-чыркыратып кыйнагандын эмне кереги бар? Ураимов бир жакка качып кетеби, же ал ашынган бир террорчубу, кылмышкер же мамлекеттен бир тыйын уурдаган кишиби? Ал өзүнөн кичүүлөргө да өмүрү үн көтөрбөгөн жигит. Анан түндө барып кармап кеткен качан токтойт? Же бул бир адам аркылуу башкаларга ишаарат кылуубу? Мен 100 пайыз ишенем - ага тагылып жаткан айыптар жукпайт», — деди Мадумаров.

Эске салсак, кечээ, 8-февралда, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов кармалган. УКМК берген маалыматка караганда, Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) боюнча камалган. Тагыраагы, «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.

Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат. Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтат. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости