www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлик билдирет.

Жылдыз Малдыбаева — кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, "Даңк" медалынын ээси жана билим берүүнүн отличниги.

Ал 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлүп, Шубин атындагы музыкалык мектепти жана Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Музыка тармагында бир катар эмгектерди жараткан. Жылдыз Малдыбаева — СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Маркумду акыркы сапарга узатуу тууралуу маалымат кийинчерээк берилээри кошумчаланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости