www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү иши тууралуу жаңы отчетто көптөгөн жайкын тургундар жана талибдер америкалык аскерлер тарабынан өлтүрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу “Вашингтон пост” гезити “Маалымат алуу укугунун” алкагында АКШнын кургактык күчтөрүн Ооганстандан соттун чечими менен чыгарып кетүү процесси боюнча 2000 беттик иликтөөсүн жарыялап жатып билдирди.
Тергөө тобуна баа берген америкалык командирлер Кабул Хамид Карзай эл аралык аэропортунда эвакуациянын алгачкы күндөрүндө болгон башаламандыкта америкалык аскерлердин 2 талип согушкерин өлтүргөнү белгиленет. Кабарда - Талибан мүчөлөрүнүн америкалык аскерлерди жана жарандарды коркутканы үчүн атылганы айтылган.
Ооган атайын күчтөрүнөн 1 кишинин америка аскерлери тарабынан өлтүрүлгөнү, 6 ооган аскеринин каза болгондугу белгиленет. Мындан тышкары, талибдер Кабулду алган күнү америкалык аскерлерге ок атылганы жазылган отчетто, ал жердеги америкалык аскерлердин жообуна жооп иретинде 2 "Талибан" кыймылынын мүчөөсү өлтүрүлгөнү айтылды.
Ооган президенти Ашраф Ганинин өкмөтү 14-августта кулаары менен АКШ Кабулга жакын жерде талибдерге 10 жолу абадан сокку урганын айткан. Мындан улам Талибандын 100дөй мүчөсү жок кылынган. Бул кырдаалды өлкөнүн талибдер тарабынан тездик менен басып алынышы Кабулдагы АКШ күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгени менен түшүндүрдү ошол кезде АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү болгон Росс Вилсон.
Булак: NazarNews.kg