www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адахан Мадумаровдун айтымына караганда кызматтагылардын бири дагы “эшектин тушагын чечпейт". Андан сырткары Адахан Мадумаров журналисттердин кыргыз-тажик чуусу тууралуу пикирин айтты.
- Бул ызы-чуу союз мезгилинде дагы болгон. Бул ызы-чуу мен кеткенден кийин дагы болот. Бул ызы-чуу адам жаралгандан башталган, адам бул дүйнөдөн кеткенден кийин дагы боло берет, – деп Мадумаров айткан учурда, журналист тарабынан, “анда учурдагы бийликке сын такканыңыз туурабы?” деген суроо берилди.
- Бул ызы-чуу мамлекеттин ээси пайда болгондо, жетекчи табылганда токтойт. Мисалы балалуу болуш үчүн үйлөнүшүң керек. Үй куруш үчүн колуңда материал болуш керек. Ошол суроону мага берип жатпайсыңарбы? Эгер менин каалоом болсо, президент же депутат болуп албаймынбы? Каалоом менен эле иш бүтсө Кыргызстандын сырткы карызын төлөп, 1 миллион сыртта жүргөн кыргызды көчүрүп келип албайымбы? Мындай ойлонуп суроо бергилечи, кичине... – деп саясатчы сөзүн оңдой кетти.
Мадумаровдун пикирине туура түшүнсөк, өлкөдөгү олуттуу маселелер бир гана президенттин каалоосунда чекит коюлат.
Булак: NazarNews. Kg