www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, Сапар Исаковдун жактоочулары Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнү токтотуу тууралуу өтүнүчтү билдиришти.
Буга анын саламаттыгынын начар экени себеп болгон. Айтымында, Сапар Исаковдун абалы жакшыра элек. Соттук териштирүүлөргө катыша албайт, мындан улам керектүү дарылануусун алуу үчүн жумалык тыныгуу керектелүүдө.
Мындан тышкары дагы бир айыпталуучу, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлап кеткени айтылууда. Албетте, саламаттыктын жоголушу абактагы абалдардан улам белгилүү. Бирок, уккан маалыматтарыбыз боюнча эркиндикте эле жүргөн Зарылбек Рысалиев менен издөөдөгү Бузурман Таабалдиевдин дагы саламаттыгы начар экени айтылууда.
Мурдагы ИИМ башчысы Рысаливдики өтө оор дешет абалынан кабар алгандар. Ал эми Таабалдиев мурдагы ооруларынан улам эки көзү көрбөй калганын кулагыбыз чалууда. Адамды ар түркүн санаа эле жеп коёт тура. Эмдигилер эстерине келсе эле болду эле. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg