www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы А. Мадумаров 6-февралда журналисттер үчүн акыркы мезгилде өлкөбүздө болуп жаткан окуялар тууралуу пресс- конференция өткөрдү. Биз гезиттин көлөмү чектелүү экендигин эске алып, алардын орчундууларына гана орун берүүдөбүз.

- Ачарчылык жарыялап жаткан саясатчылар боюнча пикириңиз кандай?

— Мен ачык айтайын, эгер Кыргызстанда адилеттүү сот системасы болгондо, алардан кам санабайт элем. Бирок бүгүнкү күндө өлкөбүздө түзүлгөн сот системасы бир кишинин, бир партиянын жана топтун кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жатат. Мына мен кээ бир камакта жаткан саясатчылардын сөзүн уктум. Алардын сөзүндө бүгүнкү күндө Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалга так, даана жооп берилген. Эмне кылсаңар ошол кылгыла, кандай соттосоңор, ошондой соттогула, кандай күнөө таксаңар, ошондой айыптагыла, канча жылга кессеңер, ошончо жылга кескиле, бирок тезирээк бүтүргүлө деп калыптыр. Бул деген сөз адилеттикти айтпайын, соттон, жашоодон түңүлүүгө алпаргандык. Мына, кыргыз эли да дал ушундай болуп калды, ким акча берсе, тынч эле болсок, мөңгүсүн берип атабы, тоону жарып атабы баардыгы бир. Болгондо да эң коркунучтуусу, менин үйүм тынч болсо болду деп калды. Менин көчөм дагы дебей калды. Мына ушул жагдай өтө коркунучтуу жана кооптуу. Андыктан, бул жигиттер ушундай баарынан түңүлүп калышты. Сыртта, эркиндикте жүргөн адамдар не деген кыйынчылыктарга туш болушууда? Алар темир тордун ары жагында отургандыктан, кандай жагдайга, коркутууларга, психикалык басмырлоолорго туш болуп жатышкандыгын бир Кудай өзү билет. Ушунун баары Кыргызстандагы сот системасынын чирип бүткөндүгүн көрсөтүп турат. Балким, соттордун арасында да тазасы бар чыгар. Бирок аларды да титиретип, “жүрүм-туруму” деген беренеге такап, сотторду тандаган көзкарандысыз кеңеш аркылуу жазалашат. Алар баш кесерлер.

Бүгүнкү күндө экономикалык коррупция экинчи планга түшүп, саясый коррупция алдыга чыгып кетти. Бул абдан чоң, эбегейсиз коррупция. Экономикалык коррупцияны эртеби, кечпи далилдей аласың. Бирок саясый коррупцияны далилдей албайсың. Демек, бир партиянын коррупциясы пайда болуп, ошонун айтканы, дегени аткарылып калды. Мен ачарчылык жарыялаган азаматтарга сабак берүүчү, үлгү көрсөтүүчү мезгил келди деп айтат элем. Алардын чыдамына да рахмат. Ошончо кыйналып, үнүн жеткире албай турганда кайдыгер карап турган элге да “рахмат”. Эл шайлап берген Жогорку Кеңешке да “рахмат”. Парламент тиешелүү жетекчилерди чакырып, алардын жагдайын сураганга укугу бар. Бирок жүрөк жок, калтырап-титиреп араң жүрүшөт. Себеби ар биринин үстүнө илип койгон, “сен да ошол күнгө түшөсүң” деген коркунучту. Ошон үчүн айтам, саясый коррупция Кыргызстандын түбүнө жетет. Бир кишинин, үй-бүлөлүк башкаруудан кетебиз деген жалган чапанды жамынып, элдин көзүнө чаңды сүртүп коюп, бир партия башкарууда. Ал деген бир адам билгенин жасап, өз элине, жерине барып, “баарыңарды четинен каматам, отургузам” дегенин укканбыз. Ушуга чыдап келген элге да “рахмат”. Ушуну угуп, көрүп турган Жогорку Кеңешке да “рахмат”. Алар маршруткада, троллейбуста жүргөндөн уялбаш керек, мына ушундай башаламандыктардан уялыш керек. Себеби Конституция боюнча мыйзамдын так аткарылышына көзөмөл жүргүзүү укугу Жогорку Кеңешке берилген. Эмне үчүн чакыра албайт алар, бир парламенттик угуу, тегерек стол өткөрө албайт? Ал үч азаматтын тагдыры жалгыз эмес. Булар таанылып калган экен, белгилүү болуп жатат. Бирок аты чыкпай, таанылбаган далай адамдар түрмөдө күнөөсүз жатышкандыгын баардыгыңыздар жакшы билесиздер. Б. Талгарбеков жатат, С. Жапаровдун күнөөсүн далилдей албаган бийлик маскара болсо да ал түрмөдө. Ө. Текебаев менен тең таймашууга мүмкүнчүлүк берилиши керек эле. Мен аларды коргоп аткан жокмун, адилеттүү соттолсо, жазасын алсын. Маселе соттун коррупцияга аралашкандыгында, соттун чечимдеринин баардыгы Ак үйдөн чалынган телефонго жараша чыгарылгандыгында. Бүгүн сот бүтүндөй элдин эмес, бир кишинин колундагы камчы болуп калды. Кимди чап десе чабат. А эмне үчүн деген суроо да койбой калды, бүгүнкү соттор.

- Өткөн жумада Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө эл ал жердеги алтын кенинин кытайлык компаниянын иштетишине каршы болуп, Сизди чакырышты. Бирок көпчүлүк мамлекеттик телеканалдар жана башка ММКлар бул окуяны такыр эле көрсөтүшкөн жок…

— Майдан айыл өкмөтүндөгү элдин нааразычылыгы Кыргызстанда 27 жылдан бери жүрүп келаткан Кумтөрдөн башталган окуянын уландысы. Кумтөрдө бир алдамчылыкка туш болгонбуз, ошондон бери баардык кен байлыктарыбыз ушундай жол менен кетип жатат. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ошол Кадамжайдагы “Шамбесай” кенинин иштетилишине кайдыгер болбой чыккан элдин баардыгына таазим этип, рахмат айтам. Эчен-эчен жолдорду басып өтүп, жөө барышкандарын көрдүм. Кайдыгер эмес азаматтар ошол жерге чогулушту. Бир аялдын “Мен өзүм үчүн эмес, балдарым жана неберелеримдин тагдыры үчүн чыктым. Ичкен суубуздун булганышын, атам менен чоң аталарымдын сөөгү жаткан жердин жарылышын каалабаймын, ушул жерден кытай алтын алат экен деп, башка жакка көчкөнгө каршымын”, — ​деген сөзү жакты. Ал жерде эл “Кылымдар бою турган кыргыз тоолорунун бузулушуна, 300 миң адам суу ичкен Исфайрам суусунун булганышына макул эмесмин”, — ​деп чыгышты. Аларды шайлоодогудай кылып эч ким ташып келген жок. Алгач ал жерде австралиялык компанияга алтын алууга макулдук берилген экен. Бул 2007-жылы жергиликтүү кеңештин чечими менен кабыл алынган маселе. Эл менен макулдашылбай ушундай чечим алынган, кийин эл аны билип алып, көтөрүлүп чыккан. Австралия канткен менен бир аз цивилизациялуу өлкө катары эл каршы болуп атат, биз туура эмес жолго түшүп алыптырбыз деп, андан кийин ал компания өзүнүн алтынды иштетүү укугун кытай компаниясына сатат. Кытайлык компания алтынды казуу ишин баштай турган болгондо социалдык тармактан, Фейсбуктан мага чакыруу келди, “ушул жерге келип, биздин жагдайды көрүп, угуп, өзүңүздүн пикириңизди билдирип кетиңиз”, — ​деген сыяктуу. Мен дайыма айтып келем, “Кайсы жерден чакыруу келсе, калбаймын, чакырбаса барбаймын”, — ​деп. Ошол жерде мамлекеттик телекомпаниялардын баардыгынын журналисттери жүргөн менен көрсөтө, чындыкты айта алган жок. Себеби алардын баардыгы кытай компаниясынын жугунду ичкен жүгүрүктөрү. Бул аябай коркунучтуу маселе. Майдан айыл өкмөтүнүн жетекчисинин кытай компаниясынын алдында жүгүрүп жүргөнүн көрдүңүздөрбү? Ошентип жеген наның курусун. Ошондой томпоңдогон күнүң курусун сенин. Айланайын, жаш баладай чуркайт. Көрдүңөрбү, биз кандай деңгээлге жетип калдык? Ким тыйын берсе, ошонун алдында чимирилип гана кетип баратат. Жүз килограммдан ашык салмагы бар экен, бирок чимирилгенде уук чимирилгендей болот. Ай акчанын күчү. Ошол жерде чындыкты айтайын деген аксакалдардын оозунан микрофонду жула качып, кытайдын оозуна тутуп жатат, сен сүйлө деп. Мына кыргыздын намысы, ариети, уяты, кадыр-баркы. Ошол жерде бир чечим кабыл алалы деген сунуш болду, эл чогулгандан кийин бир чечим кабыл алыныш керек. Андыктан Майдан айыл өкмөтүнүн, кааласаңар бүтүндөй Кадамжай районунун элинин атынан “Шамбесайдагы” алтын казылбасын, экология, суу булганбасын деген бир эле чечим кабыл алынды. Себеби ал жерде алтын ачык жол менен казылгандыктан, элди көчүрүп кетиш керек экен. Бирөө айтат, 7 тонна 800 килограмм алтын бар экен деп. Бирөө айтат 15 тонна бар экен деп. А кээ бир изилдөөлөргө караганда 40 тоннага чейин алтын бар. Бирок шарты кыргызды муунтура тургандай. Макул, 15 тонна алтын болсо, анын баасы 300 млн долларга жакын болот экен. Ал эми кыргызга кандай шарт коюп атат алар? Жергиликтүү бюджетке жылына 8 млн сомдон которуп, беш жылда 40 млн, кыргыз өкмөтүнө 160 млн сом берет экен. Бүгүнкү курс менен алганда бул болгону 3 млн доллар акча болот. Макул, 600 млн доллар эмес, 300 млн доллар эле деп коёлу. Эми 300 млн доллар чыга турган жерге болгону 3 млн доллар төгүп коюп, калганын көтөрүп кете бер дегендик. Мына ушундай караңгы, кайдыгер болдук. Бир аз ойлонсоңчу, кыргыз! Дагы бир жолу ошол жерге чыккан эжелерге, энелерге, аксакалдарга, баарына ыраазычылык билдирем. Кудай сактасын, эртең кандай жолдор болот? Ошол айылга төрт жолу улак чаптырып койсо, макул болуп кетишеби деген коркунучум бар. Биз бүгүн ушундай болуп калдык, кыргыз. Улак чаптырып, 14 миң долларга кичинекей футбол аянтын куруп кой, анан калганын чоң атаңдын сөөгү менен да көтөрүп кетсең макул.

- Бир жумага жетпеген каттуу суукта Бишкектеги кытайлыктар 386 млн долларга модернизациялаган ЖЭБ авария болуп, аны ЖК депутаттары бир күн талкуулашып, акчанын кандай максатка колдонулгандыгын текшере турган комиссия түзүштү. Бул комиссиянын адилет иш жүргүзөрүнө ишенсе болобу? Мындан тышкары жылуулук, электр энергия, суу жана жол киреге баалар көтөрүлөт деп жатышат, бул кымбатчылыктар кыргызстандыктарды кайда алпарат?

— Кыргызстандыктар кайда кааласа, ошол жакка алпарат. Бул жолду эл өзү тандап алган. Шайлоодо болбогон акчаны алып коюп, ошол жакка баратышат. Дагы да тереңирээк кетиш керек. Шайлоодо алган миң сому кайда алпарса, обол жакка барат. Мына, кайдыгерликтин түбү кайда алпараткандыгы. Бүгүн мэрдин билдирүүсүн уктум, “диктор эмесмин, күндө телевизордон чыкканга”, — ​деген. Сен милдеттүүсүң. Күндө шаарда болуп жаткан кырдаалды элге айтып турууга милдеттүүсүң. Сени диктор кылып эч ким албайт. Барам десең да албайт. Себеби “Кыргызстан” деген сөздү туура жаза албайсың. Диктор болуш үчүн сабаттуу болуп, так сүйлөш керек, тилиңди жутуп албай. Жок дегенде өзүңдүн мамлекетиңдин аталышын так жазышың керек.

Экинчиден, мына ушундай оор кырдаал түзүлдү, баарыбыз угуп, көрүп аттык. Айрыкча ооруканалар менен бала бакчаларга жылуулук берилбей калды. Бирок нааразычылык билдирген элди көргөн жокмун. Бая башында айткандай, менин үйүмө тийбесе болду деп ушуга да ыраазыбыз, шүгүр дейбиз. Өткөндө айттым эле, ар кандай ишти жакшынакай кылып жаап коём десең комиссия түз деп. Бизде, Кыргызстанда буга чейин түзүлгөн комиссиялар эч кандай маселенин аягына чыккан эмес. Учактын кулашы боюнча комиссия түзүлдү эле, чыктыбы? Ал эмес, эл тарабынан чогулган 110 млн сомдун дайыны чыкпай кетти. Бул акчага 27 үй эмес, канча квартиралуу үй куруп койсо болот эле. Мегакомдун сатылышы боюнча комиссия түзүлгөн, чечтиби? А. Батукаевдин бошотулушу боюнча комиссия түзүлдү, бирөө жоопкерчиликке тартылдыбы? Кыргызстанда эмне боюнча гана комиссия түзүлгөн жок, кана жыйынтыгы? Комиссия түзүлүшү өзү болбогон нерсе же Кыргызстанда мыйзам иштебестигинин далили. ЖЭБдеги кырдаал боюнча комиссия түзүп, аны иликтөөнүн деле кажети жок. Түзсө, ЖК эмес, адистерден турган мамлекеттик комиссия түзүлүш керек. 386 млн доллар эбегейсиз чоң акча.

Кечээ Ростовдо В. Путин 200 млн долларга жетпеген акчага эл аралык деңгээлдеги аэропорттун ачылышын жасады. А биз 386 млн долларга болгону төрт буу казанды алмаштырыптырбыз. Же Дүйшөнбүдөгү жаңы ЖЭБди караңыздар, 400 мегабаттык. Биздики ушундай модернизациядан кийин 300 мегабатка чыктык деп дүйнөгө жар салып атат. Дүйшөмбүдөгү 400 мегабаттык ЖЭБди пайдубалынан баштап бүткөнгө чейин 349 млн долларга ушул эле кытайлык компания куруп берди. Ага да Мадумаров күнөөлүүбү? Азыр жанагы жугунду ичип отургандар ызылдап чыгат, “Өзүң эмне кылып койдуң эле?” деп.

Бизди кандай көч менен алпараткандыгын жакшылап көрүп алалычы. Бирөөлөрдүн юбилейин өткөрө коюп, спорттук иш чараларды уюштуруп, негизги иштерден алагды кылып атат. Бишкек ЖЭБиндеги авария бүтүндөй Кыргызстандын системасы коррупциялангандыгын далилдеп койду. Эч ким жазага тартылбайт. Себеби баарынын иши бир. Кечээ чочуп кетип өкмөт башчы айтып жатпайбы, кыргыз бажысында мындай башаламандыктар бар экен деп. Бул Бажы кызматы түзүлгөндөн бери эле айтылып келаткан сөз да. Башта ушунча миллион, азыр ушунча миллион түшүп атат деди. Башта ким эле? Мамлекет жетекчиси жөнүндө сөз кетип атабы же өкмөт жетекчиси тууралуубу? Бажы кызматы мамлекет жетекчисине баш ийет. Демек, мамлекет жетекчиси менен бир акырдан жем жеп келишкен деген бүтүмгө келсек болобу? Эч кандай бизнес жасабаган кишилер миллионер же доллар мультимиллионер болгондон кийин кандай чечимге келишибиз керек? Биз дайыма айтып келдик го, кытай 4 млрд 600 млн доллар маалымат берип атат, айырма кайда кетип атат деген суроону берип келбедик беле. Бүгүн С. Исаков айткандан кийин эле чуу чыгып жатат. Биз айтып эле келдик го. Бирок бир өзгөчөлүгү, өкмөт жетекчисинин өз оозу менен моюнга алгандыгы. Демек, баштапкы бажы кызматынын ишин өкмөт башчы жөнгө салабы деген суроо берсеңиздер, мен “жок” деп үч жолу айтам.

- Сиздин пикириңизде Сооронбай Жээнбеков өз алдынча президент катары саясат жүргүзүп жатабы же мурдагы президенттин, анын айланасындагы кишилердин таасиринен чыга албай жүрөбү?

— Өзүңөр деле көрүп, сезип атасыңар, кадр саясатын жүргүзө албайт, экономикалык саясатты да. Экономикалык саясатты мыйзам боюнча жүргүзө албайт, чарба ишине кийлигише албайт. Анан барып башка мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзүп атат. Эми аларга да жаңы келген келинди жеңелери кызыгып, өңү-түсү кандай экен, чайды кандай куят экен деп кызыккандай эле болуп жатат да. Ошол кызыгуу максатында бир жактарга чакырып коюп аткан болушу мүмкүн. Бирок ал тышкы же ички саясатты, экономикалык жагдайды жүргүзө албайт. Экономикага тиешеси жок адам менен алар кантип келишим түзөт? Мен айтканды элестетип, түшүнүп атасыздарбы? Анда мындай, жөнөкөй түшүндүрүп айтайын, мына Сизден тууганыңыз үйүнө чакырып, карыз сурайт. Чайын ичип отурган соң жок дей албайсыз да, “мейли, караштырып көрөлү”, — ​деп куу жооп бересиз. Себеби акча сандыкта, а сандыктын ачкычы кимде? Туура, байбичеңизде. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын абалы ушундай, сүйлөй берет, бирок ачкыч кимде? Өкмөттө. Бир чакырат, эки чакырат, анан болду, бүттү, кайра чакырбайт. Биз менен эч ким эсептешпей калат. Себеби ал киши эч кандай маселе чечпейт деп. Бир чайын ичти, кандай сүйлөгөнүн укту, болду. Күндө эле көргүсү келе бербейт да.

Даярдаган Эмилбек Момунов

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости