www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апасы катуу сабагандан бери комада жаткан 2 жаш 8 айлык Бексултан кечээ, 11-февралда кечки саат 21:00 чамасында көз жумду. Дарыгерлер баланын өлүмүнө оор абалда жаракат алганы себеп болгонун айтышты. Ош облустук балдар ооруканасынын маалыматы боюнча, наристенин мээсине толук кан жетпей, шишип кеткен. Учурда жакындары барбаганына байланыштуу Бексултандын денеси ооруканадан алына элек.

Ош облустук балдар ооруканасына 2018-жылы 3-февраль күнү катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан жеткирилген. Ошондон бери жандандыруу бөлүмүндө эс-учун жоготкон абалда (кома) жаткан болчу. Андан көп узабай баланы оор абалга жеткирген деген шек менен апасы кармалып, 2 айга убактылуу камакка алынган. Шектүү келин көрсөтмөсүндө: «Баламды катуу уруп алган окшойм. Депкир менен бутуна, башына, аркасына урдум. Башына катуу тийиптир. Балам шымына сийип койгону үчүн урдум. Атасы менен ажырашып кеткем. Эмне болуп кеткенин билбейм. Ооруканага эжем экөөбүз алып бардык. Ошто эжемдин үйүндө эжем, анын баласы, мен жана балам болуп жашайбыз», - деди. Ош облустук балдар ооруканасынын реаниматолог дарыгери Ташибай Алиевдин айтымында, баланын денесинде мурда да сабалган тактар бар.

«2 жаш 8 айлык бала өтө оор, эсин жоготкон абалда келген. Жүрөгү эле согуп жаткан. Жасалма дем алдыруу менен жардам көрсөттүк. Мээси да катуу чайкалып, эки бөйрөгү эзилип калган. Денесинде көп тактар бар экен. Аны менен мурда да ур-тепкиге алынганы билинип турат. Баланы тепкичтен жыгылып түштү деп алып келишкен. Тамакты шланг аркылуу берип жатабыз жана дары-дармектер жетиштүү. Мындай зомбулукту биринчи жолу көрүп жатам», - деген Т.Алиев.

2,5 жаштагы уулун комага түшкүчө сабаган келиндин турмушка чыгып, балалуу болгонун ата-энеси билген эмес Turmush басылмасынын кабарчысына Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева билдиргендей, Бексултандын апасы кичине кезинен өгөй эненин колунда тарбияланган. Ал 2014-жылы үйүнөн чыгып кеткен бойдон ата-энесине кабарын билдирген эмес. «Бексултандын апасы 2 айга камакта калтырылган. Биз аны энелик укуктан ажыратабыз. Келиндин ата-энесин сүрүштүрдүк. Анын ата-энеси кичине кезинен ажырашып, атасы чоңойтуптур. 2 жашынан баштап өгөй эненин колунда өскөн. 2014-жылы үйүнөн чыгып кетип, дайынын билдирбей келген. Туугандары анын турмушка чыкканын, баласы бар экенин дагы билген эмес. Бирок алар жээн небереси Бексултанды багып алуудан баш тартышты. Бексултандын апасы 3 бир тууган. Эжеси Казакстандын жашоочусуна турмушка чыгып, сиңдиси Москвада эмгектенет экен. Биз азыр кыздын бир туугандарын издеп жатабыз. Бала жакшы болгондо туугандарына өткөрүп беребиз, эгерде баш тартышса мамлекеттин кароосуна алынат», - деген Б.Токобаева. Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери балага жардам берүү үчүн кан тапшырып келишкен.

Булак: "Турмуш"  

Последние новости