www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы А. Мадумаров 6-февралда журналисттер үчүн акыркы мезгилде өлкөбүздө болуп жаткан окуялар тууралуу пресс- конференция өткөрдү.

— Өткөн жумада Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө эл ал жердеги алтын кенинин кытайлык компаниянын иштетишине каршы болуп, Сизди чакырышты. Бирок көпчүлүк мамлекеттик телеканалдар жана башка ММКлар бул окуяны такыр эле көрсөтүшкөн жок…

— Майдан айыл өкмөтүндөгү элдин нааразычылыгы Кыргызстанда 27 жылдан бери жүрүп келаткан Кумтөрдөн башталган окуянын уландысы. Кумтөрдө бир алдамчылыкка туш болгонбуз, ошондон бери баардык кен байлыктарыбыз ушундай жол менен кетип жатат. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ошол Кадамжайдагы “Шамбесай” кенинин иштетилишине кайдыгер болбой чыккан элдин баардыгына таазим этип, рахмат айтам. Эчен-эчен жолдорду басып өтүп, жөө барышкандарын көрдүм. Кайдыгер эмес азаматтар ошол жерге чогулушту. Бир аялдын “Мен өзүм үчүн эмес, балдарым жана неберелеримдин тагдыры үчүн чыктым. Ичкен суубуздун булганышын, атам менен чоң аталарымдын сөөгү жаткан жердин жарылышын каалабаймын, ушул жерден кытай алтын алат экен деп, башка жакка көчкөнгө каршымын”, — ​деген сөзү жакты.

Ал жерде эл “Кылымдар бою турган кыргыз тоолорунун бузулушуна, 300 миң адам суу ичкен Исфайрам суусунун булганышына макул эмесмин”, — ​деп чыгышты. Аларды шайлоодогудай кылып эч ким ташып келген жок. Алгач ал жерде австралиялык компанияга алтын алууга макулдук берилген экен. Бул 2007-жылы жергиликтүү кеңештин чечими менен кабыл алынган маселе. Эл менен макулдашылбай ушундай чечим алынган, кийин эл аны билип алып, көтөрүлүп чыккан.

Австралия канткен менен бир аз цивилизациялуу өлкө катары эл каршы болуп атат, биз туура эмес жолго түшүп алыптырбыз деп, андан кийин ал компания өзүнүн алтынды иштетүү укугун кытай компаниясына сатат. Кытайлык компания алтынды казуу ишин баштай турган болгондо социалдык тармактан, Фейсбуктан мага чакыруу келди, “ушул жерге келип, биздин жагдайды көрүп, угуп, өзүңүздүн пикириңизди билдирип кетиңиз”, — ​деген сыяктуу. Мен дайыма айтып келем, “Кайсы жерден чакыруу келсе, калбаймын, чакырбаса барбаймын”, — ​деп. Ошол жерде мамлекеттик телекомпаниялардын баардыгынын журналисттери жүргөн менен көрсөтө, чындыкты айта алган жок. Себеби алардын баардыгы кытай компаниясынын жугунду ичкен жүгүрүктөрү. Бул аябай коркунучтуу маселе.

Майдан айыл өкмөтүнүн жетекчисинин кытай компаниясынын алдында жүгүрүп жүргөнүн көрдүңүздөрбү? Ошентип жеген наның курусун. Ошондой томпоңдогон күнүң курусун сенин. Айланайын, жаш баладай чуркайт. Көрдүңөрбү, биз кандай деңгээлге жетип калдык? Ким тыйын берсе, ошонун алдында чимирилип гана кетип баратат. Жүз килограммдан ашык салмагы бар экен, бирок чимирилгенде уук чимирилгендей болот. Ай акчанын күчү. Ошол жерде чындыкты айтайын деген аксакалдардын оозунан микрофонду жула качып, кытайдын оозуна тутуп жатат, сен сүйлө деп. Мына кыргыздын намысы, ариети, уяты, кадыр-баркы. Ошол жерде бир чечим кабыл алалы деген сунуш болду, эл чогулгандан кийин бир чечим кабыл алыныш керек.

Андыктан Майдан айыл өкмөтүнүн, кааласаңар бүтүндөй Кадамжай районунун элинин атынан “Шамбесайдагы” алтын казылбасын, экология, суу булганбасын деген бир эле чечим кабыл алынды. Себеби ал жерде алтын ачык жол менен казылгандыктан, элди көчүрүп кетиш керек экен. Бирөө айтат, 7 тонна 800 килограмм алтын бар экен деп. Бирөө айтат 15 тонна бар экен деп. А кээ бир изилдөөлөргө караганда 40 тоннага чейин алтын бар. Бирок шарты кыргызды муунтура тургандай.

Макул, 15 тонна алтын болсо, анын баасы 300 млн долларга жакын болот экен. Ал эми кыргызга кандай шарт коюп атат алар? Жергиликтүү бюджетке жылына 8 млн сомдон которуп, беш жылда 40 млн, кыргыз өкмөтүнө 160 млн сом берет экен. Бүгүнкү курс менен алганда бул болгону 3 млн доллар акча болот. Макул, 600 млн доллар эмес, 300 млн доллар эле деп коёлу. Эми 300 млн доллар чыга турган жерге болгону 3 млн доллар төгүп коюп, калганын көтөрүп кете бер дегендик. Мына ушундай караңгы, кайдыгер болдук. Бир аз ойлонсоңчу, кыргыз! Дагы бир жолу ошол жерге чыккан эжелерге, энелерге, аксакалдарга, баарына ыраазычылык билдирем. Кудай сактасын, эртең кандай жолдор болот? Ошол айылга төрт жолу улак чаптырып койсо, макул болуп кетишеби деген коркунучум бар. Биз бүгүн ушундай болуп калдык, кыргыз. Улак чаптырып, 14 миң долларга кичинекей футбол аянтын куруп кой, анан калганын чоң атаңдын сөөгү менен да көтөрүп кетсең макул.

Эмилбек Момунов

Булак: «Жаңы ОРДО»

Последние новости