www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күзүндө өтчү президенттик шайлоонун талапкерлеринин бири Адахан Мадумаровго кайрылып, Кыргызстандын аскерлеринин Сириядагы согушка катышуусу боюнча маектештик.

– Кечээ, 22-июнда Алмаз Атамбаевдин Москвага сапарынын алкагында Путин менен сүйлөшүүлөрү аяктап, Башкырстанга учуп кетери менен орус бийлиги, тактап айтканда Россия Мамлекеттик думасынын Коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, генерал Шаманов “Кыргызстан менен Казакстан аскерлерин Сирияга киргизиши мүмкүн” деп билдирүү жасады. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

– Биринчиден, “Эки дөө кагышса ортосунда чымын өлөт” деп кыргыз айткандай от болуп күйүп жаткан Сирияда азыр АКШ менен Россия сыяктуу чоң геосаясый оюнчулар кагышып жаткан учурда бизге алардын ортосуна кымчыла калуунун зарылдыгы жок. Экинчиден, андай адамдын таманындагы жер күйүп жаткан согушка катышууга азыр биздин мамлекеттин экономикалык, аскердик, саясый потенциалы жок. Үчүнчүдөн, биз кандайдыр бир операцияларга катышаарда андан биздин өлкөгө эмне пайда деп ойлошубуз керек. Сириядагы чырга аралышуудан бизге зыяндан башка эч бир пайда жок. Ошондуктан Жогорку Кеңеш бул маселени талкуулоодо өтө олуттуу карап, буга жол бербөө керек.

– Сиз күзүндө, 15-октябрда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катышканы жатасыз, эгер президент болуп шайланып калсаңыз Кыргызстандын аскерлеринин Сириядагы жаңжалга катышуусуна макулдугуңузду берет белеңиз?

– Жок. Мен башында айткандай “Эки дөө кагышса ортосунда чымын өлөт” болбойлу. Биздин мамлекет башка бир мамлекеттердин пайдаланган куралы болбош керек. Мындай чоң чыр-жаңжалдарга аралашпашы зарыл.

– Сирияда Башар Асад баштаган бийликчил шииттер менен аларга оппозициячыл сунниттердин кагылышуусу болуп жатат. Россия Басар Асад баштаган шииттер тарабында сунниттерге каршы согушууда. Ошондо биз, сунниттер өлкөсү болгон Кыргызстандын жоокерлери Сириянын сунниттерине каршы согушканыбыз туура болобу?

– Дегеле өз өлкөңдүн чегин коргоодон башка согушуу же согушка катышуу туура эмес деп эсептейм. Ал эми ислам динибиздеги сунниттер жана шииттер агымдары боюнча сиздер Чубак ажы же Абдышүкүр ажы сыяктуу чоң аалымдарга кайрылсаңыздар алар адис катары чечмелешет, алтургай фатва, чечим да чыгарып беришет. Ал эми суроонун саясый жагына мен жооп бердим.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Последние новости