www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы А. Мадумаров 6-февралда журналисттер үчүн акыркы мезгилде өлкөбүздө болуп жаткан окуялар тууралуу пресс- конференция өткөрдү. Биз гезиттин көлөмү чектелүү экендигин эске алып, алардын орчундууларына гана орун берүүдөбүз.

-Ачарчылык жарыялап жаткан саясатчылар боюнча пикириңиз кандай?

— Мен ачык айтайын, эгер Кыргызстанда адилеттүү сот системасы болгондо, алардан кам санабайт элем. Бирок бүгүнкү күндө өлкөбүздө түзүлгөн сот системасы бир кишинин, бир партиянын жана топтун кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жатат. Мына мен кээ бир камакта жаткан саясатчылардын сөзүн уктум. Алардын сөзүндө бүгүнкү күндө Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалга так, даана жооп берилген. Эмне кылсаңар ошол кылгыла, кандай соттосоңор, ошондой соттогула, кандай күнөө таксаңар, ошондой айыптагыла, канча жылга кессеңер, ошончо жылга кескиле, бирок тезирээк бүтүргүлө деп калыптыр. Бул деген сөз адилеттикти айтпайын, соттон, жашоодон түңүлүүгө алпаргандык. Мына, кыргыз эли да дал ушундай болуп калды, ким акча берсе, тынч эле болсок, мөңгүсүн берип атабы, тоону жарып атабы баардыгы бир. Болгондо да эң коркунучтуусу, менин үйүм тынч болсо болду деп калды. Менин көчөм дагы дебей калды. Мына ушул жагдай өтө коркунучтуу жана кооптуу. Андыктан, бул жигиттер ушундай баарынан түңүлүп калышты. Сыртта, эркиндикте жүргөн адамдар не деген кыйынчылыктарга туш болушууда? Алар темир тордун ары жагында отургандыктан, кандай жагдайга, коркутууларга, психикалык басмырлоолорго туш болуп жатышкандыгын бир Кудай өзү билет. Ушунун баары Кыргызстандагы сот системасынын чирип бүткөндүгүн көрсөтүп турат. Балким, соттордун арасында да тазасы бар чыгар. Бирок аларды да титиретип, “жүрүм-туруму” деген беренеге такап, сотторду тандаган көзкарандысыз кеңеш аркылуу жазалашат. Алар баш кесерлер.

Бүгүнкү күндө экономикалык коррупция экинчи планга түшүп, саясый коррупция алдыга чыгып кетти. Бул абдан чоң, эбегейсиз коррупция. Экономикалык коррупцияны эртеби, кечпи далилдей аласың. Бирок саясый коррупцияны далилдей албайсың. Демек, бир партиянын коррупциясы пайда болуп, ошонун айтканы, дегени аткарылып калды. Мен ачарчылык жарыялаган азаматтарга сабак берүүчү, үлгү көрсөтүүчү мезгил келди деп айтат элем. Алардын чыдамына да рахмат. Ошончо кыйналып, үнүн жеткире албай турганда кайдыгер карап турган элге да “рахмат”. Эл шайлап берген Жогорку Кеңешке да “рахмат”. Парламент тиешелүү жетекчилерди чакырып, алардын жагдайын сураганга укугу бар. Бирок жүрөк жок, калтырап-титиреп араң жүрүшөт. Себеби ар биринин үстүнө илип койгон, “сен да ошол күнгө түшөсүң” деген коркунучту. Ошон үчүн айтам, саясый коррупция Кыргызстандын түбүнө жетет. Бир кишинин, үй-бүлөлүк башкаруудан кетебиз деген жалган чапанды жамынып, элдин көзүнө чаңды сүртүп коюп, бир партия башкарууда. Ал деген бир адам билгенин жасап, өз элине, жерине барып, “баарыңарды четинен каматам, отургузам” дегенин укканбыз. Ушуга чыдап келген элге да “рахмат”. Ушуну угуп, көрүп турган Жогорку Кеңешке да “рахмат”. Алар маршруткада, троллейбуста жүргөндөн уялбаш керек, мына ушундай башаламандыктардан уялыш керек. Себеби Конституция боюнча мыйзамдын так аткарылышына көзөмөл жүргүзүү укугу Жогорку Кеңешке берилген. Эмне үчүн чакыра албайт алар, бир парламенттик угуу, тегерек стол өткөрө албайт? Ал үч азаматтын тагдыры жалгыз эмес. Булар таанылып калган экен, белгилүү болуп жатат. Бирок аты чыкпай, таанылбаган далай адамдар түрмөдө күнөөсүз жатышкандыгын баардыгыңыздар жакшы билесиздер. Б. Талгарбеков жатат, С. Жапаровдун күнөөсүн далилдей албаган бийлик маскара болсо да ал түрмөдө. Ө. Текебаев менен тең таймашууга мүмкүнчүлүк берилиши керек эле. Мен аларды коргоп аткан жокмун, адилеттүү соттолсо, жазасын алсын. Маселе соттун коррупцияга аралашкандыгында, соттун чечимдеринин баардыгы Ак үйдөн чалынган телефонго жараша чыгарылгандыгында. Бүгүн сот бүтүндөй элдин эмес, бир кишинин колундагы камчы болуп калды. Кимди чап десе чабат. А эмне үчүн деген суроо да койбой калды, бүгүнкү соттор.

Эмилбек Момунов

Булак: «Жаңы ОРДО»

Последние новости