www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин учурдагы белгилүү бир депутаты түрк ишкеринин Кыргызстандагы 3 заводун тартып алып, ээсин сыздатып бербей жүргөнү айтылууда. 

Өзүн элдик депутат сезген, ал түгүл Жогорку Кеңештин төрагасы болгон да жайы бар. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев иштен алынганда, азуусун айга жанып турган иниси дагы кызматтан кеткен. Ал дагы далай ишкерди боздоткон неме экени айтылып, камалбай жүргөнүнө нааразы болгондор күч. Ошол инисине таянып кайран эл өкүлү да тартып алуу, басып алуудан четте калбаптыр да көрсө. Бул иш президентке жетсе иниси экөөнүн былыктары ачылып, темир тор артына кетиши мүмкүн. 

Дегенибиз, чындык, акыйкат издеген ээси бул боюнча Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жакын делген жогорку кызматтагы таасирлүү адамдарга укугун коргоп берүү боюнча кайрылып, натыйжада ал жактан атайын өкүл келип Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жагдай боюнча кире турганы сөз болууда. 

Арызда баары ачык-айкын көрсөтүлүп, окшошкон ага-ининин абийирлери ачылса, баштарына кара булут айланып, өтүгү менен суу кечкен күнгө туш болуп, колу менен жасаган айыптарын мойну менен тартышаар бекен?

Последние новости