www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ашар бирикмеси" фондунун 26 жаштагы директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал бишкектик тургундун 650 миң сомун алдап алган. Шектүү аны турак жай жана жеңил унаа менен камсыз кылууну убадалап, бирок анысын аткарган эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү буга чейин дагы алдамчылыкка шектелип кармалганы белгилүү.

Последние новости