www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектин райондорунда бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришет.

Биринчи Май районунда өтүүчү иш-чаралар:

  • Саат 16:00дө Нариманов скверинде;
  • Саат 15:00дө "Вефа" соода борборунда "Тумар FM" радиостанциясы менен биргеликте балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулат.
  • Саат 15:00дөн тарта "Бишкек Парк" соода борборунда иш-чаралар болот.
  • Панфилов атындагы паркта аниматорлор катышкан интерактивдүү зоналар, ар түрдүү багыттагы мастер-класстар болот. Мындан тышкары саат 09:00дөн 18:00гө чейин аттракциондор 14 жашка чейинки балдарга 80 сом, андан жогоруларга 150 сом болот.

Свердлов району:

  • Саат 14:00дөн тарта ГУМ жана Old Bishkek борборлорунда балдар үчүн кызыктуу көңүл ачуучу программалар уюштурулат;
  • "Дордой Плаза" соода борборунда саат 18:00дөн 21:00гө чейин 1-кабатта, ошондой эле борбордун ичиндеги "Мамалак" балдар оюн-зоок паркында саат 15:00дөн 16:00гө чейин музыкалык жана бий программалары, үстөл оюндары, аниматорлор, таттуулар жана аквагрим уюштурулат.

Ленин району:

  • 1-июнда саат 12:00дө Фучик паркында, саат 11:00дө Ак-Ордо конушунда балдар үчүн спорттук иш-чара, ал эми саат 12:00дө Ала-Тоо конушунда майрамдык программа уюштурулат;
  • Саат 12:00дөн 20:00гө чейин "Ала-Арча" соода борборунда үй-бүлөлүк жарманке жана балдар үчүн шоу-программа өткөрүлөт;
  • Саат 12:00дөн 22:00гө чейин "Евразия" паркында театралдаштырылган көрсөтүүлөр, музыкалык жана чыгармачыл топтордун концерттери, аквазона, балдардын сүрөт көргөзмөсү жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар болот.

Октябрь району:

  • 1-июнунда "Таш-Рабат" соода борборунда балдар үчүн шоу өтөт;
  • Sky Park Baytik үй-бүлөлүк оюн-зоок паркынын экинчи бөлүгүнүн салтанаттуу ачылышы болот. Иш-чарага Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоосунда турган балдар катышат;
  • Саат 12:00дөн 18:00гө чейин Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Color Fest фестивалы өтөт. Фестивалда балдар үчүн көңүл ачуучу шоу-программа, интерактивдүү оюндар ошондой эле Бегиштин катышуусундагы кичи-концерт болот;
  • "Ынтымак-2" сейил багында саат 14:00дөн 16:30га чейин "Баарыбыз бирге" фестивалы өтөт. Иш-чаранын программасына артисттер менен оюндар, бий флешмобдору, кызыктуу сынактар ​​жана көңүл ачуучу программалар ошондой эле сүрөтчүлөрдүн жана чыгармачыл топтордун өнөрлөрү көрсөтүлөт;
  • Саат 17:00дөн 20:00гө чейин "Ынтымак-2" сейил багында D Billions музыкалык тобу жана "Ак Шоола" балдар хорунун катышуусунда майрамдык иш-чара өтөт. Программада балдар үчүн интерактивдүү мастер-класстар, кызыктуу шоулор жана анимациялар, сынактар ​​жана бийлер камтылган.

Последние новости