www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-июнь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалынын, Париж-2024 Олимпиадасында коло медалдын ээси болгон. Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөш боюнча көп жолку чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери Акжол Махмудовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусу боюнча өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Аманкан Кенжебаев Акжол Махмудовдун жетишкендиктери менен куттуктап, алдыдагы эл аралык мелдештерине ийгилик каалады. Ошондой эле, спортчунун келечектеги пландары тууралуу пикир алышып, облус жетекчилиги ар дайым колдоо көрсөтө турганын айтты.
"Сиздей мекендин желегин желбиреткен, дүйнө аренасында кыргыздын даңазасын чыгарган спортчулар менен сыймыктанабыз. Сиздин эмгегиңиз, эрдигиңиз жаш муунга чоң үлгү. Алдыдагы мелдештериңизде да ийгилик жаратып, байге ээлеринин катарынан көрүнөсүз деген терең ишеничтебиз", - деди Аманкан Кенжебаев.
Өз кезегинде Акжол Махмудов жылуу кабыл алып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы мелдештерде дагы Кыргызстандын желегин бийик көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.
Жолугушуунун соңунда ыйгарым укуктуу өкүл Аманкан Кенжебаев Олимпиада чемпионуна сертификат тапшырып, алдыдагы мелдештерине чоң ийгиликтерди каалады.
Маалымат үчүн: Кыргызстандык спортчу ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, Дүйнө чемпиону (2022, 2023) Азия чемпиону (2018, 2022,2023), Азия оюндарынын (2023) алтын, (2018) күмүш жана Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш медалынын ээси. 2024-жылы Париж Олимпиадасында коло медалдын ээси болгон. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону. Эл аралык даражадагы спорт чебери. Ош облусунун Араван районунун тургуну.