www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам чөгүп бараткандыгынын негизги белгилери

Дүйнөдө сууга чөгүп бараткан адам өзүн кандай алып жүрөт деген стереотип бар. Ал эми кинодо “куткаргыла – жардам бергиле” деп кыйкырганды көрсөтүшөт. Чындыгында, сууга чөгүп бараткандар кыйкырбайт-аларда дем жок, өпкөдөн кыйкыра турган аба да жок болот. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейрек учурларды эске албаганда, чөгүп бараткан адамдар физиологиялык жактан жардамга чакыра алышпайт. Адамдын дем алуу тутуму дем алууга ылайыкташтырылган, сүйлөө анын экинчи функциясы. Сүйлөөгө мүмкүн боло электе дем алуу функциясын калыбына келтирүү керек. Чөгүп бараткан адамдын оозу кезектешип суу астына кирип, анын үстүнөн пайда болот, дем алуу жана жардам сурап кайрылуу үчүн суунун үстүндө адам көпкө туралбайт. Чөгүп бараткан адам суудан ышкырганда, тез дем алып, дем алууга гана убакыт жетиштүү болот, андан кийин дароо кайрадан суу астында калат.

Чөгүп бараткан адамдар башка адамдарды көңүл бурдуруу үчүн колдорун шилтей алышпайт. Алар инстинктивдүү түрдө суудан көтөрүлүү максатында колдорун капталына сунуп, кыймыл- аракет жасашат. Мындай кыймылдар дем алуу үчүн суудан өйдө калкып чыгууга мүмкүндүк берет.

Башынан аягына чейин, инстинкттик реакция иштеп жатканда, чөгүп бараткан адамдын денеси тик бойдон калат жана буттары эч кандай жардамсыз иштеп калат. Эгерде даярдалган куткаруучу аны суудан чыгарбаса, чөгүп бараткан адам суу алдында толугу менен кирип кеткенче 20-60 секундага чейин калкып суу үстүндө болушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости