www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер Панжшердеги абалды жашырууда

The Washington Post гезити Ооганстандын Панжшер өрөөнүндөгү абал боюнча макала жарыялады. Гезиттин кабарчылары аймакка барып келген.

Макалада “Талибан” жетекчилиги Панжшердеги согуштук аракеттерди жашыруу үчүн колдон келген күчүн жумшаганы белгиленген.

“Талибандын” расмий адамдары бул аймакта кагылышуу же күч колдонуу болгонун караманча четке кагууда. Ошол эле маалда өрөөндө миңдеген жоочулардын жүргөнү байкалууда”, -деп жазган макаланын авторлору.

Панжшер жашоочулары талибдердин чабуулу бул жерде адаттагы көрүнүш болуп калганын, ондогон кишилер өлтүрүлгөнүн, айрым карапайым тургундар талибдердин түрмөсүндө отурганын айтты.

“Бул жерде эмне болгонун эч ким билбейт жана бул жерге келүүгө эч кимге уруксат берилбейт. Силер Панжшерге кантип келгениңерди билбейм”, - деген 62 жаштагы жергиликтүү тургун.

Макалада табилдер The Washington Post гезитине аймактагы абалды чагылдырууга уруксат бергени, ошол эле маалда башка ЖМКлар үчүн Панжшердин жолу жабык экени айтылган.

Талиберге каршы күчтөрдүн кол башчыларынын бири алардын колунда азыр жеңил курал-жарак гана калганын айткан. Аларга курал-жарак негизинен өзбек-ооган жана тажик-ооган чек арасы аркылуу келерин, бир катар өлкөлөр колдоо көрсөтүп жатышканын, бирок алар көбүрөөк жардамга муктаж экенин билдирген.

Жергиликтүү аксакалдардын бири кагылышуу азыр көбөйгөнүн, эки жактан тең өлгөндөр көп экенин айтты.

Талибдердин башчылыгы The Washington Post гезитине жарыяланган макалага байланыштуу түшүндүрмө берген жок.

Бул макала талибдер менен Ооганстандын улуттук каршылык күчтөрүнүн арасында согуш күчөгөн кезде жарыяланды. Талибдерге каршы күчтөр Панжшерде айыгышкан согуш Рамазан айы бүткөндөн кийин кайра башталган.

2021-жылы 15-августта “Талибан” Кабулду ээлеп, бийликти колго алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости