www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта окуучу кызды сабап салуу фактысы боюнча медициналык экспертизанын жыйынтыгы даяр болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Эксперттердин корутундусу ылайык, кыздын ден соолугуна жеңил зыян келтирилген. Учурда иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, жабыркаган окуучунун апасы кайрадан каршы арыз жазып, мугалимге койгон дооматынан баш тартканы белгилүү болду. Буга чейин да ал кызын ур-токмокко алган мугалимдин үстүнөн жазган доо арыздан баш тарткан. Андан соң кайрадан, арыз жазган. 

Эске салсак, окуучунун сабалышы боюнча окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 мектепте болгон.

Аталган окуя коомчулукта талкуу жаратып, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мектептин мугалими менен директорун жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости