www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдын резонанс жараткан окуяларынын бири краснодардан чыкккан каннибалдардын үй бүлөсү болгон. "Риа Новости" басылмасы билдиргендей Дмитрий Бакшеевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Анткени Дмитрийдин канынан ак халатчандар кандайдыр бир вирус таап алышкан. Андыктан аны атайын адистешкен дарылоочу мекемеге которушкан. Аялы Наталья болсо дагы эле СИЗОдо.

Эске сала кетсек, Кроснадар шаарындагы адам этин жеген "маньяк" эрди-катындын сырлары коомчулукка ачыкталып кеткен соң алар жөнүндө маалыматтар элге кызык болуп коомчулуктун жакасын карматкан.

Алгач эле ММКларга жарыяланып кеткен паспорттогу сүрөт жана белгилер аялдын өзүнө таандык эмес экени аныкталган. Ал паспорт 35 жаштагы Еленага таандык болгон, адам жегич үй бүлө ишенимге кирген соң  Еленаны уктатып андан кийин өлтүрүп этин жеп коюшкан жана паспортун аялы өзүнө алып калган.

Тергөө иштеринде ачыкталгандай "маньяктардын" үй бүлөсү даары дармекке тыгыз байланышы бар болгон. Себеби, шектүү Наталья медайым болуп иштеп, аскердик жатаканада күйөөсү менен чогуу жашап турган. 

Кошуналарынын айтуусунда "маньяктардын" үйү дайым жагымсыз жыттанып турган. Натальянын кошуналары "эмне жыттанат" деп барганда үйүнө киргизбестен ач кыйкырыкка салып кууп чыкчу. 

Кроснадардын кылмыш жана жаза аткаруу боюнча комитети окуя жөнүндө "20 жылдан бери адамдардын, этин жеп уурдап жүргөнүн" так маалымат деп билдирген.

Белгилей кетсек, адам жегичтердин үй бүлөсү жана кылган  кылмыштары күйөөсүнүн чөнтөгүнөн түшүп калган уюлдук телефону аркылуу билинген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости