www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өлтүрүү фактысы боюнча Ысык-Ата РИИБдин башчысынын тергөө боюнча мурдагы орун басары жана анын кол алдындагы тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Алардын айтымында, Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун Ысык-Ата районунда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча ишти тергеп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү бир нече жыл мурун болгон жана милиция шектүү менен макулдашып, бул фактыны суицид катары көрсөтүшкөн. Тергөөчүлөр сөөктү эксгумациялашканда экспертиза адам өлтүрүү фактысын аныктаган.

Буга байланыштуу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө боюнча мурдагы орун басары Ж.Нурдин жана тергөөчү кармалды. Буга чейин экспертиза жана кароо жүргүзгөн эксперт кармалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости