www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калк арасындагы каңырыш кеп негизи орундалып келген. Буга чейин Кыргызстанда бир нече окуя болуп, алгач эл арасында айтылып, анан ишке ашкан. Алсак, акыркы учурда бийликке болгон терс сын-пикирлер айтылып, төңкөрүш болот, "эки дос" кетет, деген сөз желдей тарады. 

Буга чейин NazarNews маалымат агенттиги:

"Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгонуна 30 жылдан ашты. Дүйнө жүзү өнүгүүгө багыт алса, биз сакал менен дамбалды талкуу кылып, баягы эле абышка менен кемпирдин тепши тууралуу жомогундайбыз. 

Эмне үчүн ушундай абалда болуп калдык? - деген суроо туулат, бирок жооп жок. Эгемендүү мамлекет болгонубуз менен, баарыбызга жетиштүү шарт түзүлгөн нукка бурула алган жокпуз. Кыргызстандыктар оор сыноолордон өттүк, көпчүлүгүбүз жаңы турмуш реалийлерине багыт ала албай, билимдүүлөрдүн тажрыйбасын колдонбостон, бир топ артка кеттик. Так ушул убакытта өздөрүн кедей сезген кыргызстандыктардын саны көбөйдү. 

Очорулган экономиканын айынан орун которуунун оор кесепеттери элге тийип, айласыз киндик кан тамган жерин таштап сыртка миңдегендер агылып кетсе, айылдагылар шаарга көчүп, ички миграция дагы күн санап күчөдү. Канчалаган жаран дүйнө кезип, алакандай Кыргызстандын калкы чилдей тарап, миңдеген кыргыз Орусия жарандыгын ала баштады.

Укуктук кемсинүү, мекенсиздикке дуушар болуу, ден соолугунан айрылуу, моралдык жактан деградация эске алынбай келе жатат жана ушундай нукта кете берсек, түпкүлүгү жакшы болчудай эмес. Тилекке каршы, эң өкүнүчтүүсү биздин миграциялык агымдан тарткан эң чоң зыяныбыз – кыргыз тукумунун бузулуусу болууда. 

Кыргыздын татынакай кыздары Кытай, Арабия, Түркия, Корея, деги койчу, дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап кеткен, кимиси эмне болуп жатат, артынан эч ким издеп же сураштырбайт. Көзөмөлсүз миграция, 30 жылдан бери келе жаткан сокур демографиялык саясат - кыргыздын келечегине балта чаап коюшу толук мүмкүн.

Улуттук идеология сыяктуу ойлонто турган маселелер тууралуу олуттуу ойлор айтылганы менен, жыйынтык жок. Тарыхка кайрыла турган болсок, Кетбуканын "Кудуреттүү элдерге кул болосуң, сак болгун" деген ыр саптарын окуп, кыргыздын келечегин ойлоп, ыйлагың келген менен элибиздин кайдыгерлиги жан кейитип, өз жеринде өзгөлөрдөн кем жашоого кептелдик. 

Алакандай кыргыз элибиз биримдик менен ынтымактын жоктугунан жакшыны жаман, жаманды жакшы кылып, маңкаларды Манас кылганга өттүк. Улуттук эс тутумду өчүрүп, жок кылуу саясатын Союзга шылтап, өтмүшүбүздү айтканыбыз менен, эгемендүүлүк алгандан бери деле кыргыз аткаминерлери "улут" деген сөздү оозуна алгандан коркуп, Атамбаевдин бийлиги, ал тургай, паспорттон “улут” деген сөздү алып салганга чейин барды. 

Бул көрүнүш, Дастан Сарыгулов айткандай, кыргыз төрт миң жылдык тарыхынан, баатыр бабаларынын арбагынан, мурасынан, улуу дөөлөтүнөн кечип, баарынан баш тартып, көрүнгөн элдин көчүрмөсү болгонго көнүп, намысын жоготуп, рухий кулга айлануу жолго түшкөнүн түшүндүрөт. Добуш менен кошо эл тагдырын, өлкө тагдырын, мекен тагдырын, улут тагдырын ойлобогон, жарты мээси жокторду мактап жогорку чинге жеткирип, анан аларды эки жылдан кийин мазактаган эл болдук. 

Президенттерди мамлекеттен кууп чыкканыбыз менен, алардын жанындагы чыныгы саткындар кала берди. Кеткенди сындап, келгенге акыл үйрөттүк. Айыл-чарба иштери түбөлүк уйкуга кетти. Элибиздин жалпы абалы ойдогудай эмес, ошондой эле, эптегени эчки багып, эл дегени кыймылдамыш болгон сыяктуу. Өкүнүчтүүсү, 4 жылдык ич-ара согушту башынан өткөргөн Тажикстан өлкөсү да бизден алдыда... 

А биздечи? 

Баарыбыз акылдуубуз, бирибиз дагы катардагы жаран болууну каалабайбыз. Сөзсүз президент же депутат болушубуз керек. Акылыбызга чек жок болгону менен, мамлекет өнүкпөйт. 30 жылдан бери кашка баштардын карааны кете элек. Ата-бабаларыбыз айткан, элдин пейили, тилеги менен ыйманы, аң-сезими, максаты кандай болсо – бийлик төбөлдөрү ошого жараша болот деген күнгө туш келдик. 

Бийлик демекчи, так ушул тапта эл арасында кыска убакыттын аралыгында өлкө башчы креслосу менен коштошот деген аңыз кептер айтылып, Садыр Жапаровдун ордуна көз арткандардын санын санап чыктык.

Ал тургай айрымдар Маскөөгө карай жол тартып, Кремлдин эшигин сагалап, айтылуу Акаевди “жеңе” кылгандар жок эмес экендигин кулагыбыз чалды. 
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, келерки президенттикке талапкерлер төмөндөгүлөр:

1. Бекболот Талгарбеков;

2. Темир Сариев;

3. Каныбек Иманалиев;

4. Мелис Мырзакматов;

5. Сапар Исаков;

6. Адахан Мадумаров;

7. Өмүрбек Бабанов;

8. Бектур Асанов;

9. Канатбек Исаев;

10. Абдил Сегизбаев;

11. Улукбек Кочкоров;

12. Бакытбек Райымкулов;

13. Жеңишбек Молдокматов; 

14. Марлен Маматалиев;

15. Ахматбек Келдибеков;

16. Алтынбек Сулайманов;

17. Бакыт Төрөбаев.

Мына ушундай...

Ошентип, ойку-кайкы мамлекеттин башын баштап, ал тургай ара жолдо таштап кете берген Акаевдин доорунан кийинки “бардак” мамлекетте дагы деле улантылып жатат. Демек, биз келечекте кийинки урпактардын эсинде кыйраткыч, каргышка калган, кара тамга менен жазылган муун болуп калабызбы деген суроо жаралат.

Чындыгында көпчүлүгүбүз ушул тагдырды тандап, көзүбүз көр, көкүрөгүбүз сокур, акылыбыз тайкы, дүйнө жыйнап, байлык топтоп, чиренип, бүгүнкү күн менен гана жашап жатканыбыз - бул чоң трагедия экенин унутпасак.

Ал эми азыркы муун деле өзүн акылдуу көрсөткөнү менен, кыргыз кыргызга бут тосуп, өлүмдү унутуп, өзгөнү эмес, өзүбүздү баатыр сезип, келечек муунга өрнөк болчу нуктан тайып, өлкөбүзгө күйгөн инсандар саналуу гана болгону өкүндүрөт", - деп жазып чыкканбыз.

Кызыгы, бул тизменин катарына эми АКШнын айдактама жигити, гейлерди колдоп коргоп жүргөн Равшан Жээнбеков да кошулду. Маалыматтарга караганда, учурда октябрда Жээнбековдун "президент болом" деген дымагы күч экен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости