www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өмүрүн 40 пайызга кыскарткан тамак аталды

Жогорку даражадагы кайра иштетилген азыктар ден-соолукка зыянын тийгизип, эрте өлүмгө алып келет. Бул туурасында РИА Новости Eat This, Not That порталына шилтеме берип жазды.

Макаланын автору Клара Ольшански European Heart Journal журналындагы изилдөөгө таянып, мындай азыктарды жүрөк, кан тамыр оорусу бар адамдар жесе өмүрүн 40 пайызга кыскартып алуу тобокелчилиги жараларын белгилейт.

Коомдук саламаттыкты сактоо тармагы боюнча канадалык эксперт Энди де Сантис өмүрдү кыскарта турган азыктарга буудай уну, гамбургер, хот-дог, жууган май, сливки, майлуу сүт азыктары кирерин айткан.

"Адамдар жогорку даражадагы кайра иштетилген азыктарды жегенди кескин түрдө азайтып, салттуу тамактанууга кайтып келүүнү ойлонгону дурус. Демек, үй шартындагы тамактар жана кайра иштетилбеген азыктарга өтүү сунушталат", — деп айткан изилдөөнүн автору Мариялаура Боначчо.

Ошондой эле ал статистикага ылайык, зыяндуу тамактардан толугу менен баш тартуу мүмкүн эместигин, ошого карабай өлчөмүн азайтуу керектигин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости