www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы түштүк жергесинде болгон Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында абактан Биринчи май райондук сотуна алып келинген мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кайра алып кетишти.

Отурум башталгандан кийин биринчи сөз Атамбаевге берилген. Ал эч кандай көрсөтмө бербей турганын айтып, жыйынды анын катышуусуз эле улантууну талап кылды.

"Мени бошотуп эле сотту өзүңөр өткөрө бергиле. Бул циркке катыштырбай эле койгула. Барып-келишиме да кыйын болууда. Азыр айла жок тартип бузам", — деп мурунку президент суралуучу адамдар отурган кабинанын айнегин тепкилей баштады.

Андан соң конвой дароо Атамбаевди залдан алып чыгып кетти.

Сот отуруму уланууда. Анда учурда аталган иш боюнча соттолуп жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асанов көрсөтмө берип жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости