www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-декабрда, Биринчи май райондук сотуна мурунку президент Алмазбек Атамбаев алып келинди.

Маалым болгондой, соттук отурумда 2010-жылы түштүк жергесинде болгон Июнь окуялары боюнча иш каралууда.

Алмазбек Атамбаевди сотко Тез жардам унаасы менен медиктер жана конвойдун коштоосунда алып келишти.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин жактоочулары бул кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү эки жыл мурун, башкача айтканда, 2020-жылы аяктаган деп эсептешет.

Эске салсак, 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясы үчүн мурдагы аткаминерлерге кылмыш иши козголгон. Июнь окуясы боюнча тергөө тобу УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге, экс-коргоо министри Исмаил Исаковго жана мурдагы губернатор Бектур Асановго кылмыш ишин козгогон. Алар өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандашкан.

2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн дагы бир нече мүчөлөрү айыпталгандардын тизмесинде жок. Атап айтканда, КР экс-президенти Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев жана Темир Сариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости