www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз рухунун туу чокусу болгон "Манас" эпосун ЮНЕСКОго каттаткан Карганбек Самаковдун опол тоодой эмгеги бааланбай жүргөнүн журналист Асейин Саралаев жазып чыкты.

"Мына бир аз күндөн кийин, тагыраагы 4-декабрда "Манас эпосунун күнү" белгиленгени турат. Кыргыз десе Манас, Манас десе кыргыз эли көз алдыбызга элестейт эмеспи? Мына ушул "Манас" эпосу жөнүндө сөз болгондо, коңшу турган казак туугандарыбыз ар дайым Чокан Валихановду көтөрө чаап макташып: "Валиханов болбогондо Манас эпосу кагаз бетине түшмөк эмес. "Манас" эпосу дүйнөгө таанылмак эмес",- дешип бир мактанып алышат. Албетте Чокан атабыздын дагы эбегейсиз эмгеги бар экенин тана албайбыз. Бирок бүгүн биз кыргыздын Валихановундай болгон жана эпосубуз үчүн Валихановдон он эсе көп жумуш жасаган Карганбек Самаков агабыздын эмгегин баалабай жүрөбүз.

Эгер кыргыздын чыгаан уулу Карганбек Самаков болбогондо биз 4-декабрда "Манас" эпосунун күнүн белгилейт белек же жокпу эч ким айта албайт. Анткени улуу эпосубузду Кытай элинин улуттук байлыгы катары тартып алуу максатында он жыл бою Кытайда жүргүзүлгөн тымызын саясатка жалгыз өзү каршы туруп, өз чөнтөгүнөн эбегейсиз каражаттарды коротуп, манасчыларыбыз баш болгон жүздөгөн адамдарды жана маданий көрөңгөлөрдү Францияга чейин алып барып, улуу эпосубузду Кытайдын колунан жулуп алып ЮНЕСКОго каттатып, дүйнөнү улуу мурастар китебине түбөлүктүү бекитип бергени баатырлык эмеспи? Бул мамлекеттик деңгелдээги баатырдык болчу!!!

Карганбек Самаков өзүнүн профессионалдуу дипломат экенин айкын далилдеп Манас үчилтиги менен токтоп калбай, дүйнөнүн 198 мамлекети мүчө болгон чоң уюмдун жетекчилери, ар түрдү рангдагы элчилери менен тил табышып, ынандырып: айтыш өнөрүн, боз үйүбүздү, ала кийизди, шырдакты жана Чүй боорундагы эски шаарларды улуттук баалуулуктарыбыз катары каттаткан жумушчу топтун башында турганы бул экинчи баатырлыгы болду.

Ал эми казак элинин атынан катталып кете жаздаган ата-бабаларыбыздын жоокердик оюну Көк-Бөрүбүздү дагы улутубуздун эч кимге бербей турган алтындай мурасы катары ЮНЕСКОГО катталышына өз салымын кошкону бул үчүнчү баатырлыгы деп айтсак болот. 

Президентибиз Садыр Жапаров 4-декабрдагы "Манас" эпосунун күнүндө же 2022-жылдын жыйынтыгы менен мамлекетибиздеги мыктыларды сыйлоо аземине Карганбек Самаков агабыздын 10 жылдан бери бааланбай келе жаткан мамлекет алдындагы тоо көтөргүс ак кызматын жана үч жолку баатырдыгын баалап жогорку мамлекеттик сыйлыгын берет деп ишенем. Карганбек агабыз "Манас" орденине гана эмес, эң жогорку "Ак шумкар" орденине татыктуу инсан", - деп билдирди Саралаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости