www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Ахмад Масуд "Герат коопсуздук диалогу" аттуу эл аралык конференциянын онунчу айлампасына катышуу үчүн Душанбе шаарына барды.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, 29-ноябрда башталган жыйынга ооган маселесине кызыкдар болгон бардык топтордун жана өлкөлөрдүн 120 эксперти катышууда.
Ахмад Масуд конференцияда 30-ноябрь күнү түштөн кийин сүйлөдү. Талибдерге каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Тажикстанга качан жана кайсыл жактан келгени белгисиз.
"Талибан" Кабулду өз көзөмөлүнө алгандан кийинки бир жылдын ичинде дүйнө коомчулугу менен аймактагы өлкөлөрдүн бийликтери талибдерди сындагандан, айыптагандан башка Ооганстанга эч нерсе кылбаганына күбө болдук. Мындай аракет "Талибан" кыймылынын саясатын өзгөртпөйт. Биздин фронттун негизги максаты – бардык ооган жарандарынын укуктары менен эркиндигинин сакталышын камсыз кылуу. Бул үчүн ооган элинин негизги каалоосу болгон инклюзивдүү өкмөт түзүлүшү керек", – деди Масуд.
Ал ошондой эле "Талибан" кыймылы бийликке келгенден бери Ооганстан аймактык жана эл аралык террорчуларды даярдоочу гана жер эмес, эзилген ооган эли үчүн чоң түрмө болуп калганын кошумчалады.
Эл аралык "Герат коопсуздук диалогунун" кезектеги айлампасы алгачкы жолу Ооганстандын сыртында өтүүдө. Онунчу айлампанын негизги максаты – учурдагы кырдаалды талдоо жана Ооганстандагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө болуп эсептелет.
Тажикстандын бийлиги бул конференцияга талибдер чакырылганын кабарлаганы менен "Талибандын" өкүлдөрү иш-чарада жок. Күн мурун талибдер түзгөн өкмөттүн басма сөз катчысынын орун басары Билал Карими "Ооганстандын жыргалчылыгына багытталган кандай гана иш-чара болбосун, колдоого алынарын" айткан.
Конференциянын ишине АКШ менен Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышууда.
Талибдер Ооганстандагы бийликти 2021-жылы августта басып алышкан. Андан бери алар түзгөн өкмөттү дүйнөдөгү бир да өлкө тааный элек. Дүйнө коомчулугу аялдардын укуктарынын бузулушуна, улуттук азчылыктардын зомбулукка кабылышына, ЖМКлардын ишинин чектелишине жана Панджшердеги жай тургундардын өлтүрүлүшүнө байланыштуу "Талибан" кыймылын бир нече жолу кескин сынга алган.
Буга чейин Ахмад Масуд Тажикстанга барганы бир нече жолу кабарланган. Бирок тажик бийлиги ал маалыматтарды төгүндөбөй да, ырастабай да келген.
Булак: NazarNews.kg