www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан Республикасынан адам өлтүрүүгө жана маркумдун автомашинасын мыйзамсыз тартып алууга шектелген адам экстрадицияланды.
Тажикстандын Башкы прокуратурасы КРнын Башкы прокуратурасынын А. М. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча өтүнүчүн канааттандырды.
2019-жылы 4-мартта КРнын Башкы прокуратурасынын тапшырмасы боюнча, ИИМ тарабынан аталган кылмышка шектүү жаран Дүйшөмбү шаарынан Бишкектеги №1 СИЗОго жеткирилди.
Кылмыш ишиндеги материалдарга ылайык, А. М. 2018-жылы 21-октябрда Жайыл районунун Сосновка айылынын жашоочусу М. Т. менен биргеликте анын автомашинасына түшүп, Талас облусуна жөнөп кетишкен. Бирок Бакай-Ата районуна жеткенде А. М. М. Т.нын автомашинасын тартып алуу максатында аны жип менен муунтуп өлтүрүп, денесин сууга ыргытып жиберген. Бул кылмышты жасагандан кийин А. М. Тажикстанга качып кеткен. Ал эми 2018-жылы декабрда Хатлон облусунун аймагында кармалган.
Кылмышка шектүүнү экстрадициялоо эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын кызматташтыгынын негизинде ишке ашырылды.
Булак: NazarNews.kg