www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки "лөктүн" каттагы "калбырлары"

Өткөн аптада социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазыевге жазган каты бомба жарылгандай эле дүң болду. Кат мамлекеттик тилде жазылып, чыгыштама номери менен мөөр коюлган. Анда “премьер-министр” деген сөз “примерминистр”, Абылгазиевге дегендин ордуна “Абылгазиеву” болуп жазылып калган.

Мындан сырткары, каттагы кээ бир сөздөрдүн тамгалары түшүп, башкы сөз кичинекей тамга менен жазылып турат. Албетте, мындай сенсация ал сүйүү каты же кандайдыр бир мамлекеттик сырдын ачыкка чыгып кеткендигине байланыштуу эмес. Болгону ошол 5-6 сүйлөмдөн турган катта толтура грамматикалык каталар орун алгандыгында. Парламент менен өкмөттүн аппараттары алгач бул окуяга анча маани беришпеген менен коомчулуктагы уу-дуу сөздөрдөн улам бир жума өтүп жооп берүүгө аргасыз болушту.

Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алгандыгын моюнга алды. “Катты тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү жөнөкөй документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат”,- деп актануу менен “шефине” чаң жугузбай, күнөөнүн баардыгын жардамчыга оодара салды, маалымат кызматынын башчысы. Бирок, андай сабатсыз жардамчыны жумушка ким алды өзү? Эмнеге бул маселе талкууга алынбайт? Чындап келгенде төрага өзү канчалык деңгээлде сабаттуу? Бул жаатта ачык сочинение жаздырып билип албайлыбы?

Булак: “Майдан. kg” гезити

Последние новости