www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өлүмүнө күбө болгон селфи!

24 жаштагы Аннека Бадинг кокусунан Австралиядагы Маккензи шаркыратмасына чөккөн жигиттин өмүрүнүн эң соңку көз ирмемдерине күбө болду. Stawell Times басылмасы билдиргендей, Бадинг өзүнүн достору менен бирге аталган шаркыратманын суусуна түшүп, GoPro камерасына тартылып жаткан. Бул маалда шаркыратманын алдындагы таштын үстүндө турган адамдардын тобу жана алардын арасындагы бир жигиттин таштан тайгаланып, сууга кулап түшкөн учуру аталган кыз менен бирге кадрга тартылып калган. «Алар сууда сүзүшкөн да жок. Ал эми сууга кулаган адам таштын үстүндө отурган. Бир маалда ал адамдын жанындагылар кыйкырып, кол булгалап башташты. Биз бул учурда эч нерсени түшүнгөн жокпуз. Сууда кандайдыр бир жаныбар жүргөн го деп ойлодук. Качан гана бир кыз менин селфи-таякчамды алып, сууга чөгүп жаткан адамды куткарууга аракет кылып баштаганда эмне болуп жатканын түшүндүм», - деди Бадинг. Шаркыратмадагы 40 адамдын ичинде бир куткаруучу болгон. Ал сууга чөккөн адамды куткарууга аракет кылган, бирок оң жыйынтык болгон эмес. «Шаркыратма терең жана суунун басымы күчтүү болгондуктан куткаруучу жигитти алып чыга алган жок. Биз аны өмүрүн тобокелге салбоого чакырдык. Мен суудан чыгып, куткаруу кызматына телефон чалып баштадым. Бирок шаркыратманын аймагынан уюлдук телефон менен байланышууга мүмкүндүк болгон жок», - деди ал. Уюлдук байланышты табуу чүн Аннека Бадинг бир нече чакырымды жөө басып, андан кийин 10 мүнөт унаа менен жүргөн. Каза болгон 28 жаштагы жигиттин денесин суудан кийинки күнү алып чыгышкан. Куткаруучулардын айтымында, ал уркуюп турган таштын астына түшүп, кайра чыга албай калган. Ошондой эле куткаруучулар жигит тайгаланган жерде сууга түшүүгө тыюу салуу туралуу бир дагы такталар илинбегенин белгилешти. Ал эми парктын жетекчилиги аталган аймакта 3 маалымат такталары орнотулгандыгын жана жакын арада уюлдук байлыныш маселеси чечиле тургандыгын билдиришти, деп жазат .turmush.kg

Булак: NazarNews.kg

Последние новости