www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Адам өмүрүнө бааланган достук

Падыша шаарды айланып жүрүп, ата бала соодагерлердин сүйлөшүп жатканы кулагына чалынды.Соодагер ата баласынан: 
-Сенин канча досуң бар?-деп сурады

Баласы:-Кырк досум бар.-деп жооп кайтарды.

Ата:

-Мен өмүр бою бир жарым гана дос таптым-деди.Соодагердин сөзүн эшиткен падыша ваазирлеринен сурады: 

- Силерден бирөөң мага бир жарымта дос дегендин маанисин түшүндүрүп бере алабы? 

Ваазирлер: 

-Бир досту түшүндүк, бирок жарымта досту билбедик дешти.

Ошондо вазир: 

-Падышам, соодагер баласы менен тамашалашкан,-деди.

Падыша:

-Жок алдыма ошол соодагерди алып келгиле, өзүнөн сураймын!-деди.Соодагерди баштап келишти.

Падышанын каршысына олтурду.

Падыша:

-Мага Бир жарым достун маанисин түшүндүрүп бер!-деди.

Соодагер:

-Кызматыныздамын падышам, бирок бул сөзүмдү түшүндүрүп бере албайм. Бирок көрсөтүп бере аламын,-деди.

Падыша:

-Кантип көрсөтөсүң?!-деди.

Соодагер:

-Жариячыңызга айтың, базарларда менин өлүмгө өкүм кылынганым туурасында кабар таратып жарыя кылсын!-деди.

Падыша: Таң кала эмне? эмне?!-деди.

Соодагер:
Ушундай кылсын ошондо мен айткан бир жарым достун маанисин билип аласыз падышам деди.
Ошонтип жарыячы соодагер оор кылмыш кылганын жана өлүм жазасына өкүм кылынганын элдерге жарыя кылат.

Элдер жаза аянтчасына чогулду.
Падыша жана соодагер экөөбү да ошол жерде жазаны күтүп турушту. Ошол мезгилде бир киши падышанын каршысына чыгып: 

-Падышам!Соодагерди бошотууңузду суранам ал үчүн канча болсо ошончо акы төлөөгө ыраазымын деди.

Падыша:
-Жок, эч мүмкүн эмес. Чоң кылмыш кылды!-деди.

Киши:
-Бар байлыгымдын жарымын беремин,-деди.

Падыша: 
-Бар байлыгыңды түгөл берсең да жетпейт,-деди.

Киши соодагерге карап: 
-Досум уктуңбу, бар байлыгымды сага сарптамакчы болдум, бирок падыша баш тартты. Чыныгы ишенимдүү дос экенимди тастыктайсыңбы?!-деди.

Соодагер:
-Албетте, сен ишеничтүү досумсуң! Рахмат сага! Аман бол!-деди.

Жарчы дагы бир аздан соң кайра эле соодагер өлүм жазасына тартылуусун жарыя кылды. Элдердин арасынан башка бир киши шашылып чуркап чыгып, падышага:

-Бул соодагерди өлүм жазасына тартасыңарбы?! Бул соодагер күнөөсүз!Чыныгы күнөөлүү менмин!!!- деп жыйналган элге карап-Эй адамдар! Бул соодагерде күнөө жок. Мен ошол кылмышты жасаган адаммын! Чыныгы күнөөлүү менмин! Мен ошол өлүм жазасын алуучу адам!-деди.

Падыша:
-Андай болсо, сени соодагердин ордуна өлтүрөбүз!-деди.

Киши: 

-Ооба мени жазалап соодагерди бошоткула деди.
Сакчылар кишини жаза аянтына алып чыгып, колдорун байлап башташты.

Падыша:
Сөзүңдөн кайтпайсыңбы?-деди.

Киши:
-Жок! Эй соодагер досум сен үйүңө кайтып кеткин деди.
Ошондо соодагер падышага карап жылмайып:

-Көрдүңүзбү падышам жарым дос менен бир бүтүн достун айырмасын?!-деди...
—-----—--------—---------------
БАЙЛЫГЫН сага сарптаган курман кылган дос- жарым дос!

Жанын сага курман кылган дос бир бүтүн дос!.

Маалымат, "Бактылуу болгум келет" баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости