www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам роботтор жасалат

Англиялык илимпоздор адам сымал роботторду коомдук кызматтарда колдонууга боло турган долбоордун үстүндө иштеп жатат.

ББСде орун алган маалыматка караганда Middlesex жана Berfordshire университеттеринен академиктер, оорулууларды кароо жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон адам сымал роботтордун карыларга камкордук көрсөтүү маселесин чече турганына ишенгендерин сөз кылышты.

Адам сымал роботтордун жасалышы үчүн эл аралык топ 2,5 миллион доллардык долбоордун үстүндө иштеп жатат.

Сөз жана кыймылдары менен байланыш кура алган роботтор карылардын ооруларын да сезет.

Роботтор адамдарга жараша программаланып, дары алуу сыяктуу күнүмдүк иштери менен катар аларга курбу боло алышат.

Бул долбоордун үч жылдын ичинде аякташы күтүлүүдө.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости