www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам уурдоого шектелген жаран кармалды

2023-жылдын 24-октябрында Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну К.Б. өзүнүн шериктери менен Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги автоунаа жуучу жайда алдын ала план түзүшкөн. Ал боюнча Ош шаарынан 33 жаштагы Т.Д. аттуу адамды Кызыл-Кыя шаарына уурдап келишип, 20000 доллар талап кылышкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБнен билдиришти.

Алардын планы боюнча ошол эле түнү жогорудагы кылмыштуу топ Ош шаарына барып, Т.Дны үйүнөн чакырып, ага зомбулук көрсөтүп, автоунаага олтургузуп, Кызыл-Кыя шаарына алып келишкен. Ал жерден өздөрүн «смотрящий» деп атаган 8 жаран белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, «бизге 20 миң доллар таап келесиң, болбосо автоунааңды бизге өткөрүп бересиң» деп ага зомбулук көрсөтүп, айдоочулук күбөлүгүн 1 0650 сом акчасын, айдап жүргөн автоунаасын тартып алып коюшкан.

 

Бул фактынын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адамды уурдоо), 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучу Т.Дга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

2023-жылдын октябрь айынын аяктарында кылмыштуу топтун алтоо кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми И.У. аттуу шектүү кылмыштуу изин жашыруу максатында Тажикстандын аймагына качып, эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде И.У. коңшу өлкөдөн кармалып келинген.

Бул кылмыштуу топту жетектеген К.Б. кылмыштуу жоопкерчиликтен качуу максатында Кыргызстандын аймагынан тез аранын ичинде чыгып кеткендигине байланыштуу, Кызыл-Кыя шаардык сотунун токтомуна ылайык, К.Бга бөгөт коюу чара катары камакка алуу тандалган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 5-октябрь күнү Ош шаарындагы аэропорттон издөөдө жүргөн К.Б. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Последние новости