www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын башкы директорунун орун басары Аскат Абылаев кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, аталган компаниянын жетекчилиги электр энергия тутуму үчүн тетиктерди сатып алууда коррупциялык схемага аралашканы аныкталган. Маселен, компаниянын кызмат адамдары сатып алына турган товардын баасын алдын ала текшерип албастан, тендер өткөргөн. Анын натыйжасында бир эле тендерден мамлекетке 25 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул ишке шектүү катары компаниянын башкы директорунун орун басары Абылаев кармалып, соттун чечими менен тергөө аяктаганча 2 айга камакка алынган.

Кылмыш иши 245-берене (коммерциялык жана башка уюмдардагы адамдардын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча козголуп, тергөө иштери уланууда.

Последние новости